Марко Поло (1254–1324) – италиялык саякатчы. Марко Поло 1271-жылы 17 жашында атасы менен Венециядан кетип, деңиз аркылуу Кичи Азияга, андан Армян бөксө тоосу, Месопотамия, Иран Тайпак тоосу, Памир, Теңир-Тоо, Кашкар аркылуу Кытайга жеткен. Моңгол империясында 22 жыл жашаган. 17 жыл моңгол ханы Хубилайга кызмат өтөгөн. 1295-жылы Кытайдан деңиз жолу менен Индия, Иран, Константинополь аркылуу Венецияга кайткан.

Марко Поло

Ал өзүнүн саякаты жөнүндө китеп жазган. Анда Орто Азия жана Теңир-Тоо жөнүндөгү маалыматтар 1- жана 3-бөлүктөрүндө берилген. Биринчи бөлүгүндө Бадахшан, Самаркан, Алай өрөөнү, Кашкар, Жаркен, Болор, Хотан, Лобнор, Хами жана башка коңшу аймактар сүрөттөлгөн. Алардын географиялык абалы, флорасы жана фаунасы, кен-байлыктары, чарбасы, соодасы, калктын үрп-адаттары, айрым саясий окуялар жөнүндө маалыматтар берилген. Үчүнчү бөлүгүндө 13-кылымдын 60-жылдары моңгол империясынын курамынан бөлүнүп чыккан өлкө катары «Улуу Түркстандын» этносаясий өзгөчөлүктөрү баяндалат. Бул жерде автор Хайду мамлекети туурасында сөз кылган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия” Бишкек 2003.