Мархамат шаар калдыгы
Мархамат шаар калдыгы – биздин замандын алгачкы кылымдарында Фергана өрөөнүндөгү тургун журттардын бири. Өзбекстандын Анжиян областындагы Мархамат кыштагына жакын жерде, Араван суусунун жээгинде жайгашкан. Жалпы түзүлүшү чарчы формада. Айланта бекем дубалдар менен курчалып, айрым жерлерине кыш мунаралар тургузулган. Урандынын ичинде курулуштар болгон.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111-7