Массагеттер – (кырг. Массагаты) Каспий жана Арал деңиздеринин боюнда жашаган көчмөн уруулар. Байыркы илимпоздор алар жөнүндө так маалымат беришкен эмес, ошондуктан Массагеттердин ким экендиги жөнүндө көптөгөн божомолдоо пайда болгон: «массагет», «масуо» – балык же балык менен тамактангандар; «мас», «сак», «та» деген сөздөрдөн куралып, чоң сак уруусун; «мазагеттер» – улуу геттер дегенди билдирет. Массагеттер байыркы кытай жылнаамаларында чоң юэчжилер деп белгиленет. Героддоттун жазганына караганда Массагеттер – көчмөндөр, алар жөө да, атчан да согуша беришет; аттарынын көкүрөгү калкан менен тосулат; идиш-аяктары, куралдары жезден жана алтындан жасалат. Аларга каршы согушта Ахеменилер дөөлөтүнүн негиздөөчүсү Кир Массагеттердин ханышасы Томирис тарабынан өлтүрүлгөн. Страбон боюнча Арал боюндагы саздарда, аралдарда жашап жыйноочулук, балыкчылык менен тиричилик кылган урууларды да атайт.

Колдонулган адабият түзөтүү

  • “Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия”, Бишкек 2003. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети. “Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанков”. “Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”.

Интернеттик шилтемелер түзөтүү