Массанын атомдук бирдиги

Массанын атомдук бирдиги – атомдук жана ядролук физикада элементардык бөлүкчөлөрдүн массасын өлчөөдө колдонулуучу чоңдук. Массанын атомдук бирдиги көмүртек (12С) нуклидинин массасынын 1/12 бөлүгүнө барабар, башкача айтканда (СИде) 1 массанын атомдук бирдиги =1,6605655(86).10–27 кг же 1 массалык атомдук бирдиги 9315016 МэВ. 1961-жылга чейин физикада массанын атомдук бирдигин 1/16 кычкылтек (16О) атомунун массасына барабар деп эсептешкен. Азыркы (унификацияланган) Массанын атомдук бирдиги мурунку физикалык массанын атомдук бирдигинин 1,00048ине барабар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү