Мастоидит (гр. mastoeides — упчу сымал) — чыкый сөөгүнүн упчу сымал урчугунун клеткаларынын сезге­ниши.

Анда чыкый сөөгүнүн ткандары жанa былжыр челдери кошо сезгенет. Мастоидит көбунчө ортто туяктуу кулактын ириңдүү ооруларынын кабылдашынан, урчуктун травмасынан ошондой эле сепсис, көтөн жара жанa туберкулёздо инфекциянын кан аркылуу таралышынан пайда болот.

Мастоидит упчу сы­мал урчук кол тийгизгенде катуу ооруйт, учу кызарат, балдардын эти ысыйт (39—40°С). Дарылоодо антибиотик колдонулат. Кулактан көпкө чейин ириң агат, инфек­ция мээ кабыкыгына же чыкый сөөгүнө өтө баштаса операция жасалат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.