Материктер дрейфи – материктердин горизонтал багытта өтө жай (жылына бир смге чейин) болжолдуу жылышы. 1620-жылы англис Ф. Бекон Африка материгинин батыш жээктерин Түштүк Американын чыгыш жээктери менен салыштырып, окшоштугун көргөн. 1658-жылы француз Ф. Пласе аны «топон суу» жүргөндө бөлүнүп кеткен деп ойлогон. 1877-жылы С. В. Быханов материктер бир орундан козголуп, жылып кеткен деп көрсөткөн. 1912-жылы немец Ф. Вегенер материктердин жылып жүрүшүн илимий жол менен далилдеп чыккан. 1915-жылы «Материктер менен океандардын пайда болушу жөнүндө» деген китеби жарык көргөн. Анда эки жээктин географиялык, геологиялык түзүлүштөрүнүн окшоштугу, бир кезде экөө бир материк болгондугу айтылган. Өсүмдүктөрү менен жаныбарларынын бирдейлиги аныкталган. Вегенердин ою боюнча адегенде жер бетинде «Пангеа» деген бир эле суперматерик болгон. Аны «Панталасс» океаны курчап жаткан. Пангеа базальт катмарынын үстүндө калкыган. Палеозой, мезозой замандарында тектоникалык процесстен терең жарылып, бир нече бөлүккө бөлүнгөн. Триас мезгилинде Гондвана жана Лавразия материктерине айланган. Андан кийин бул эки зор материк терең жарылып, ар бир бөлүгү өз алдынча базальт катмарынын үстү менен туш-тарапка жыла баштаган. Алардан азыркы материктер пайда болгон.

Материктер дрейфи.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү