Матыченков, Владимир Егорович

Матыченков, Владимир Егорович (1936-ж.т., Краснодар крайы, Гулькович станциясы) – гидрогеолог, геология-минералогия ил. доктору (1992), профессор (1993). Новочеркаск политехника ин-тун бүткөн (1963). Кыргыз гидрогеол. экспедициясынын партиясында отряддын начальниги, башкы гидрогеолог, Фрунзе политехника ин-тунда кафедра башкысы, 1993-жылдан Кыргыз тоокен металлургия ин-тунда профессор болуп иштейт (2004). Практикалык ж-а илимий иштеринин негизги багыты жер астындагы сууларды издөө ж-а чалгындоо, гидрогеолог адистерин даярдоо.

Колдонулган адабияттар түзөтүү