Махмуд ибн Вали (1595 же 1596-ж. - өлгөн жылы белгисиз) – орто кылымдардын соңку мезгилинде Балх аймагында жашап жана эмгектенген окумуштуу тарыхчы.

Кыскача өмүр таржымакалы түзөтүү

Махмуд ибн Вали 1595 же 1596-ж. Азыркы Түндүк Ооганстан аймагында туулган. Фарсы тилдүү тарыхчы жана акын болгон.

1634-1640 же 1641-ж. фарсы тилинде жазган “Бахр ал-асрар фи манакыб ал-ахйар” (“Айкөлдүн чыгаандыгы тууралуу сырлар деңизи”) эмгегин Балхтын ханы Надр Мухаммад ханга багыштаган. Бул эмгегинен тышкары ырлар жыйнагын, адеп-ахлак, насыят, диний, поэтикалык мүнөздөгү чыгармаларды жазган. Махмуд ибн Валинин “Сырлардын деңизи” чыгармасынын алтынчы томунун төртүнчү бөлүмүндө кыргыздарга байланыштуу маалыматтар бар.

Адабият түзөтүү

  • Махмуд б. Вали, Бахр ал-асрар фи манакиб ал-ахйар, фотокопия рукописи ИВАН СССР № 82; рук. India Office, №1496.
  • Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1990. – 288 бет. – Рецензент: тарых илиминин доктору Өмүркул Караев. - ISBN 5-89750-028-2.
  • Б. Ахмадов, Махмуд ибн Вали, Тошкент, 1966.
  • Б.Ахмедов, Махмуд ибн Вали и его энциклопедический труд, — ОНУз,. 1969, № 11, стр. 62—65.

Интернеттеги шилтеме түзөтүү