Маховик, күүлөндүргүч дөңгөлөк – машина валына орнотулуучу чоң алкактуу (массивдүү) дөңгөлөк. Маховик поршендүү кыймылдаткычта, компрессордо, насосто ж.б. машиналарда, башкы валдагы айлануу моменти бир калыпта болбогон учурда аккумулятор катары колдонулат. Ал кыймылдаткычтын валына таасир эткен күчтү тең салмактап, аз кубаттуулуктагы кыймылдаткычты колдонууга мүмкүнчүлүк берет. Кыймылдаткыч иштөө учурундагы кеңейүү тактынын жүрүшүндө муунактуу валга топтолгон кинетикалык энергиянын эсебинен маховик пор­шен­ди кыймылсыз чекиттен чыгарат, муунактуу валдын бир калыпта айланышын, кийирүү, кысуу жана чыгарууну камсыз кылат. Өзүнө топтолгон энергиянын эсебинен кыймылдаткычты от алдырат, автотраторду ордунан жылдырат жана күүлөнтөт, кыска мөөнөттүү чоң күчтү жеңүүнү жеңилдетет. Ар кандай маркадагы дизель жана карбюратордук кыймылдаткычтардын маховиктеринин түзүлүшү бирдей. Алар бири-биринен өлчөмү, формасы жана массасы менен гана айырмаланат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү