Мачадо Густаво (19.07.1898-ж. төрөлгөн, Каракас) — Венесуэла жанa эл аралык жумушчу кыймылынын ишмери. Өспүрүм кезинен студенттик кыймылга катышкан.

Революциячыл иши үчүн куугунтукталып, чет мамлекеттерде жүрүүгө аргасыз болгон. Кубадагы (1925), Мексикадагы (1920—29) коммунисттик кыймылдарга катышып, Американын антиимпериалдык лигасынын генералдык секретары болгон. 1931-ж. чет элде жүрүп, Венесуэла компартиясына (ВКП) өткөн. 1936-жылдан ВКП БКга мүчө, 1947—48, 1958—63-ж. жана 1968- жылдан Улуттук конгресстин депу­таты. 1946-жылдан ВКП БКнын Саясий бюросунун мүчосү. 1971-жылдан ВКП БКнын председатели. Революциялык иши үчүн камалып, өлкөсүнөн куулган. Эл Достугу ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.