Машайак (иврит тилинде. ‏מָשִׁיחַ‏‎, маши́ах; грек тилинде. Χριστός, христо́с) — сөзмө-сөз которгондо «майланган». Элей майы менен майлоо байыркы убакта эврей элинде падышаны такка отургузаарда жасала турган же дин кызматчысын шайлоодо жасала турган расми болгон. Иудаимзде «машиах» деген сөз «руханий жетекчи» же «падыша» дегенди билдирет. Тарстар (христиандар) Исаны келечекте келип жер үстүндө падышачылык кыла турган Машайак (Христос) деп ишенишет.