Машина-трактор станциясы (МТС)

Машина-трактор станциясы (МТС) - мамлекеттик социалдык ири айыл чарба ишканасы.

Ал техника жанa уюштуруу жагынан колхоздорго жардам берүү үчүн түзүлгөн. Туңгуч МТС 1928-ж. Одесса областынын Березов районундагы Шевченко атындагы совхоздо уюшулган. МТСти түзүү Эмгек жанa коргоо советинин 1929-ж. 5-июндагы «Машина- трактор станцияларын уюштуруу жөнүндөгү» токтомунан кийин кеңи- ри кулач жайды. МТС колхоздорду келишимдин негизинде тейледи. Анын негизги өндүрүш бирдиги — трактор бригадасы. Айыл чарба өндүрүшүн кайра курууда, колхоз түзүлүшүн өнүктүрүүдө, жумушчулар менен дыйкандардын союзун, шаар менен кыштактын байланышын чыңдоодо МТС өзгөчө маанилүү роль ойноду.

Колхоздордун уюмдаштыруу жана чарбалык жактан чыңдалышынан улам МТСтин зарылдыгы болбой калды. Ошондуктан КПСС БКнын Февраль (1958) пленумунун сунушуна ылайык СССР Жог. Советинин (5-шайл.) 1-сессиясы МТСти ремонт-техника станцпясына (РТС) кайрадан уюшту­руу жанa техниканы түздөн туз кол­хоздорго сатуу жөнүндө чечим кабыл алды. СССРде МТС уюштуруу тажрыйбасы бир катар социалдык өлкөлөрдө да пайдаланылды.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.