Мбужи-Майи(1966-жылга чейин Бакванга) – Конго Демократиялык Республикасынын түштүк бөлүгүндөгү шаар. Чыгыш Касаи провинциясынын административдик борбору (1962). Санкуру дарыясына Бушимае дарыясы куя бериште жайгашкан. Калкы 1,6 млн (2010). Автомобиль жолу аркылуу Кананга шаары менен туташат. Аэропорту бар. 20-кылымда негизделген. 1960–61-жылдары өзүн-өзү жарыялаган түштүк Касаи мамлекетинин борбору болгон. 1997-жылы 1-Конго согушу мезгилинде Л. Д. Кабила тарабынан басылып алынган. Неороман стилиндеги кафедралуу собор (1949), университет (1990) бар. Алмаз казып алуунун [«Sociеtе Miniere de Bakwanga» (MIBA) мамлекеттик компаниясы] ири борбору. Таза (кен таштагы эмес) алтын казылып алынат. Тамак-аш–татымал өнөр жай ишканасы иштейт.

Байланыштуу макалалар түзөтүү

Колдонулган адабияттар түзөтүү