Мейманд кыштагы (Керман) түзөтүү

Мейманд Керман облусунун Бабек шаарынын борбордук бөлүгүндө жайгашкан кыштак болуп саналат. Бул таң калаарлык кыштак Бабек шаарынын 30 км. аралыгында орун алган. Мейманд кыштагы тоону тешип салынган үйлөрү менен өзгөчөлөнүп, 2015-жылы июль айында дүйнөлүк каттоодон өткөн.

Бабек шаарындагы Мейманд айылынын географиясы түзөтүү

Мейманд кыштагы өзүнүн 8000-12000 жылдык тарыхы менен Бабек шаарынын түндүк чыгышында 38 км. аралыкта орун алган. Анын деңиз деңгээлинен бийиктиги 2240 метрди жана кеңдиги 420 чарчы км түзөт, аталган кыштак Бабек, Сиражан, Рафсанжан жана Анар шаарларынын ортосунда орун алган. Жылдык жамгырдын өлчөмү 185 мм түзөт. Бабек шаарында орун алган Мейманд кыштагы Керман облусунун жападан жалгыз туристик кооз жери болуп эсептелет. Аталган байыркы кыштак 4135 номуру менен улуттук эстеликтер тизмегине катталып, аска архитектуралык стили айылдын баардык курулуштарында колдонулган. Албетте чөл архитектура стилинин үлгүлөрү башка өлкөлөрдө да кездешкени менен Меймандын тарыхый, маданий жана туристик кооздугуна теңелбейт. Бул кыштактын бирден бир маанилүү үлг үсү катары Туркиянын Каппадокия кыштагы менен салыштырганда Мейманд аска архитектурасынын жашоого ыңгайлуу болгондугунда, кыскача айтканда Мейманд кыштагында жошоого баардык шарттар түзүлгөн.

Бабек шаарынын Мейманд айылынын табигый кооздугунун дүйнөлүк мурас катары ЮНЕСКОнун тизмесине катталышы түзөтүү

2015-жылдын 4-июлунда ЮНЕСКО маданий мурасынын 39-жыйынында Бабек шаарынын Мейманд кыштагынын табигый кооздугу документтери каралган жана жыйындын негизинде Ирандын 19-дүйнөлүк эстелиги катары ЮНЕСКОнун тизмесине катталган. ЮНЕСКО тараптан Мейманд кыштагынын табигый кооздугу тууралуу төмөнкүдөй эскерилген: Ирандын борбордук тоо кыркаларынын түштүк тарабындагы капчыгайынын акырында “Мейманд” тарыхый аймагы орун алган, жергиликтүү элдин жашоо шарты байыркы замандан азыркыга дейре салттуу бойдон сакталып калган. Көчмөндөр өз жашоосун дыйканчылык жана малчылык менен өткөзүшөт жана мезгилге ылайык жайкы конуш менен кыштоого көчүп жүрүшөт. Суук мезгилде капчыгайдын акыр тарабындагы тоонун ичин казып салынган аска үйлөрүнө орун которушат.

Мейманд кыштагы менен таанышуу түзөтүү

Мейманд аскалуу жана колго казылган кыштак бир канча миң жылдык тарыхы бар жер, байыркы эл Кудайды тоолордун бийиктигинен издеген, анткени тоо байыркылар үчүн бийиктиктин, бекемдиктин, эрктин белгиси болгон. Бул байыркы кол менен казылып салынган курулуш, кыштак Иран аймагындагы алгачкы турак жай болгондугунда шек жок, бул доордо Ирандыктар күнгө сыйынышкан жана тоолорду ыйык деп эсептешкен. Миңдеген жылдар мурун адамдар тоону тешип дүйнөдө из калтырган, азыркы учурда миңдеген жылдар өтсө дагы Иран ата бабаларынын бийиктигин, даңкынын жана эркинин сыймыгынын үлгүсү болуп келет. Азыркыга чейин эч ким билбейт бул курулуштар кимдин колу менен салынган жана аны салууда кандай максатты көздөгөнүн. Мейманд кыштагында жер төлөө курулуштарынын табылышы тууралуу эки ой айтылып келет:

  • Биринчи, Мейманд комплекси б.д.ч. VIII-VII- кылымдарда Мад коомунун доорунда Ирандын батыш тарабында көптөгөн аска архитектуралык курулуштары Арий уруктарынын тобу аркылуу салынган. Андан сырткары божомолдоолорго ылайык Мейманд аска курулуштары күнгө сыйынуучулардын динине тиешелүү, анткени бул ишенимдин түркүктөрүнүн бири көрүнүштөрдүн дайымкылыгы болуп эсептелет, алардын ишеними боюнча тоо ыйык зат болуп саналат, Мейманд архитектор жана үңкүр казуучулары күнгө ишенүү мүмкүнчүлүгү болгондуктан өзүнүн динине тиешелүү ишенимдерди архитектураларында чагылдырган.
  • Экинчи божомол Мейманд кыштагы б.д. II-III- кылымына таандык. Парфяндардын доорунда Кермандын түштүк тарабында көчмөн элдер көчүп конуп жашашкан. Бул уруулар Паряндар доорунда толук бойдон көчүп кеткен эмес, ал эми Парфяндардын доорунун соңунда жана Сасаниддердин доорунун башында климаты жагымдуу жерди турак жай катары тандап алган. Мейманд кыштагы деп аталган жер пайда болуп, анда 150 ашык тегерек таш бөлмөлөр курулган, анын жер төлөөлөрү өлүктөрдү койгон жер болгон, өлүктөрдү койгон жердин ордун эске алуу менен бирге аталган көрлөр Сасаниддер дооруна тиешелүү экендиги божомолдонот, анткени ошол замандын салты боюнча, жер төлөөлөр тоолу аймакта, шаардан жана жашоо чөйрөсүнөн сырткары жерде курулган.

Жогорку көз караштан сырткары жана аймактагы таш жана аска сүрөттөрүнүн негизинде, жергиликтүү элдин аңчылык сүрөттөрү алардын жашоо образын далилдеп тургандыктан, Мейманд кыштагынын байыркылыгы бир канча миң жылга барып такалат. Казылып алынган чопо буюмдарын изилдөөлөргө ылайык табылган буюмдардын үлгүлөрү ар кайсыл доорлорго анын ичинде Парфяндар, Сасаниддер жана Ислам дооруна тиешелүү экендиги далилденди. Мейманд кыштагы бекем курулгандыктан өз таарыхый доорунда коомдук же курулуштук өзгөрүүлөргө дуушар болгон эмес, мындай өзгөрүүлөр акыркы он жылдыкта гана тиешелүү. Мейманд тарыхый курулушунун эске ала кетчү негизи болуп, андагы турак жайлар, үйлөрдө таш, кыш жана башка буюмдар колдонулган эмес, ачык мейкиндикте курулган эмес, тескерисинче бир канча көлөмдөгү топуракты казуу, тоону тешүү жолу менен курулган. Бөлмөлөрдүн ичинде ар кандай көлөмдөгү текчелер, уктоого, идиштерге, сандыкчаларга, чырака ж.б. болжолдоштурулуп казылган. Бир үйдүн ичинде бир канча бөлмөлөр казылган. Үйлөр бирдей өлчөмдө курулган эмес, бөлмөлөр ар түрдүү көлөмдө казылып салынган. Буюм сактоочу бөлүктү бөлмөдөн бөлүп жана такчаларга кездеме тартып коюшчу. Ачкыч илгич кире бериш эшиктин жанына тагылган, аларга ачкычтарды илип коюшчу. Бөлмөлөрдүн ичинин температурасы сыртка караганда 5 даражага айырмаланып турган. 2003-жылы февраль айында эшикте аба ырайы 10 даража болсо бөлмөнүн ичинде 15 даража катталган. Бөлмөлөрдүн ичине очок жасалып, отун жагылгандыктан бөлмөлөрдүн чатырлары түтүнгө толуп кара түскө боелуп калган, очокторго от жагылып тамак жасоонун кесепетинен бөлмөнүн ички бөлүгү изоляция болуп бөлмөлөрдүн көп убакытка сакталышына түрткү болгон. Тилеке каршы көп убакыттан бери көбүнчө бөлмөлөрдүн ичине от жагылбагандыктан чатырлардын топурактары куюлуп түшө баштаган. Албетте бөлмөлөрдүн көлөмү геоиетриялык көз караштан бирдей эмес, бир бөлмө 4x3 бийиктиги 1/90- 2/10 метрди түзгөн, ал эми аянты 90 чарчы метрден ашкан эмес. Бөлмөлөрдүн алдына 1x150, 1/80x1/40 өлчөмүндөгү кийизчелер, килем жана килемчелер токулган. Мейманд кыштагында толугу менен 406 үй, 2560 бөлмө орун алган. Бул кыштактын тургундарынын өзүнө тиешелүү үрп адаттары бар, тили жана диалектиси азыркыга чейин Пахлави Сасанид сөздөрүнөн колдонулуп келет. 3 миң жылдык тарыхы бар Бабек шаарындагы Мейманд кыштагы салттык жашоосу азыркыга чейин сакталып калган дүйнөдөгү жападан жалгыз айыл болуп эсептелет. Жана андан 2 миң жыл мурунку адамдардын карым катнашын жана табиятын байкоого болот. Бул кыштак Меркури сыйлыгын алган дүйнөнүн жетинчи маданий, табигый жана тарыхый пейзажы болуп эсептелет. Мелина Меркури сыйлыгы Греция өкмөтү тарабынан жана ЮНЕСКО жана ИКОМОС (эстеликтерди жана маданий жайларды коргоо эл аралык уюму) сыяктуу эл аралык уюмдардын кызматташтыгы аркылуу уникалдуу маданий, тарыхый жана табигый шарты бар тарыхый эстелике тапшырылат. Ошондой эле Мейманд кыштагы 2006-жылы улуттук туристик үлгү айыл катары таанылган. Тиешелүү документтер Ага Хан архитектуралык мелдешине катышуу үчүн жиберилген жана ошол эле учурда Мейманд кыштагынын дүйнөлүк катталууга кадамдар жасалган. Мейманд уламыштарына таянсак, бир күнү күндөн түшүп келген адам аркылуу аталган айыл байыркы келбетине келтирилет.

Мейманд сөзүнүн мааниси түзөтүү

Мейманд сөзү жана термини сөз ээлери жана жергиликтүү адамдар аркылуу ар кандай мааниде жоорулуп келет: кээ бир адамдардын айтымында Мейманд сөзү эки сөздөн турат (می) “шарап” жана (مند) “мас” деген маанини билдирет. Бирок философиялык ой жоору боюнча, аталган айыл Исламга чейин казылгандыктан, аймактагы адамдар (می) шарап ичип мас болуп алышып тоону казышкан жана ушундай кыштакты курушкан. Бирок башка бир топ адамдардын жоорулары боюнча Мейманд деген сөз фарсча (میمنت) бактылуу деген сөздөн алынган.

  • Мейманд жазууларынын которулуштарына таянсак Мейманд кыштагындагы тоолор тешилет жана Мейманд уламыштары чындыка айланып Мейманддын кенчи ачыка чыгат, ага күндөн түшкөн жалгыз бир гана адамдын колу жетет.
  • Мейманд урууларынан Махмуд Меймандинин (Надир Шахтын вазири) урпактарын эскерсек болот.
  • Бул айылдын элдери бир канча заман аймактагы шаарлар жана тегеректеги кыштактар менен карым катнашы үчүлгөндүктөн, ошондой эле жергиликтүү айыл тургундары бири бири менен үйлөнгөндүктөн кийинки муун генетикалык жактан тазаланган жана физикалык, эмоционалдык жактан башкалардан бир топ айырмаланып турушат, бирок акыркы жылдардагы аймактагы башка айыл, шаарлар менен болгон карым катнаш, алаша берешенин кесепетинен аталган өзгөчөлүгүн жоготуп баратат. Албетте аталган өзгөчөлүк аз да өлчөмдө болсо айылдын азыркы муунунда гомозиготтук же гетерозиготтук сыпаттарын жоголуп кеткен жок.

Бабек шаарындагы Мейманд айылынын даары өсүмдүктөрү түзөтүү

Мейманд айлана чөйрөсүндө өсүмдүктөр ар дайым болгон жана аймакта даары өсүмдүктөрдүн өзгөчө маанилүү орду болгон. Инсан оору сыркоодон айрылуу үчүн байыркы жана азыркы заманда да эң жакшы ыкмаларды колдонуп келген жана келет, оорунун алдын алууда эң пайдалуу даары болуп чөп өсүмдүктөрү колдонулат. Мейманд аймагы даары чөп өсүмдүктөрүнө өтө бай айыл.

Мейманд кыштагынын мончосу түзөтүү

Мейманд мончосу башка үйлөрдөй эле тоонун ичине казылып үйлөрдүн суктанаарлык келбетине ээ. Мончолор салттуу түрдө курулуп баардык санитардык шарттар аткарылган. Мончонун курулушу төмөндөгүчө: көчөлөр ички коридорго кошулат, коридор менен басканда орто ченинде эшикти көрүүгө болот, анын ичи кийим койго бөлмө, бөлмөнүн ортосунда көлчүкчө казылган. Башка эшик мончонун жуунчу бөлмөсү менен кошулат, бөлмөнүн түп жагында таш менен жасалган кичинекей кудукча болгон, ага суу толтурулуп жуунганга алынат. Орто жагында очок орнотулган анын үстүнө казан коюлуп суу ысытылган, жуунчу бөлмөнүн бир тарабында дагы бир эшик бар, ал аркылуу отун канага кирет, от жакчу жай мончонун алдында казылган. Мончону ысытуу үчүн тешиктер болгон ал аркылуу ысык буу айланып мончону ысыткан, ал эми мончо ысыгандан тешиктерди бүтөп койгон. Мончонун оң тарабында колу бутту жууга ыңгайлаштырылган көлчүкчө ал эми сол тарабында жатканга ыңгайлаштырылып жай салынган. Адамдар мончого келгенде кийим койчу жерге туруп, ал жерден атайын идишке суу алынып адамдарга чачкан, денелерин бир сыйра тазалагандан соң, андан ары өтүп гусула алган, гусул алып чыгып көлчүкө бутун салып отурушкан. Мончонун таң калаарлык жери болуп кийим койчу жана жуунчу бөлмөлөрдүн үстүндө тешикче казылып мрамор ташы орнотулган, ал ташка күн нуру тийип бөлмөлөрдүн ичине жарык чагылдырган. Андан сырткары мончонун ичи төмөндөгү нерселер аркылуу жарык кылынган: кан тун аттуу өсүмдүк май чырагы, жала аттуу өсүмдүк тамыры чырак катары колдонулган, бирок азыркы учурда алардын ичине электр тогу орнотулган.

Мектеп түзөтүү

Айылдын байыркы мектеби турак жай бөлмөлөрү ыкмасында курулган, жашоо бөлмөлөрүнөн айырмасы аларга караганда узуну жана туурасы тарабынан бир кыйла кененирээк казылган. Толугунан айтканда ар бир үй тереңден орун алган сайын кеңейип кете берген. Казылып салынган мектептин узуну болжолдуу 18 метрди түзөт, ал эми туурасы башынан акырына чейин 5-15 метр болот. Медресенин ичинде 5 бөлүк бар алар сабак бөлмөлөрү катары колдонулган. Окуу бөлмөлөрү жашоо бөлмөлөрүнө айырмаланып турат. Окуу бөлмөлөр ичкери тереңирээк кылып казылган. Мектептин алдында короо орун алган, короонун алды таш менен төшөлгөн, анын ичинде Таи атту дарак түрү өстүрүлгөн.

Мечит түзөтүү

Мейманд мечити өзгөрүүлөргө дуушар болгон. Бул мечит 120 чарчы метр жерди ээлейт жана 1.5 метр кеңдиктеги коридорду аралап өткөндөн соң мечитке кирет. Мечиттин чатыры эки метр бийиктеги үч колонна менен тирелип туратмечиттин төрү ташка казылып болжолдуу бир метр бийиктикте орун алган. Мейманды казуучуларынын балталарынын ииздери жана белгилери мечиттин эшиктеринде, дубалдарында, чатырында азыркыга чейин билинип турат. Мечиттин төрүндөгү отурчу жер таш менен жасалган. Мечиттин алды таш менен төшөлгөн, анын үстүнө колготокулган килемчелерди жабып койгон. Бул мечиттин ичине күн нуру кирүү үчүн эч кандай тешикче салынган эмес, мечиттин ички жарыгы кире бериш эшиги аркылуу өткөрүлөт. Аталган мечиттин курулуш тарыхы тарыхый докуметтерди эске алуу менен 1861-жылга таандык.

Хусейниа түзөтүү

Меймандын хусейниасы айылдын ортосунда орун алган жана үч термелген балкончосу бар, анын арткы тарабында Хусейниага кирүүчү эшик жайгашкан. Хусейниа бир канча аска турак жай үйүнөн турат. Баардык бөлүктөр таш менен төшөлүп хусейнианын ички бөлүгү бирдиксиз планда 200 чарчы метр мейкиндикте курулган. Төрт тарабында орнотулган колонналар чатырды сактап турат, байыркы заманда төр тараптагы отургучтун бирине жабышып хусейниага кире бериштеги колонналардын бирине жөлөнүп курулган, азаркы учурда таш отургучту алып салып жыгачтан отургуч орноткон. Хусейнианын бийиктиги кээ бир жерлерде 1.5 метр, башка тарабында 2.30 метрге чейин жетет. Мейманд хусейниасы башка аска үйлөрүндөй кооздуксуз курулган. Хусейниа тууралуу толук жазылган жазуу булактар жок, бирок хусейниа бөлүгү талапка жооп берүү үчүн ар кыл доордо көптөгөн оңдоолор, кеңейтүүлөр аткарылып турган.

  • Мейман сарайдын коомдук жана туруистик кызматтары: ички жана сырткы туристер үчүн айылдын тарыхый архитектурасы жана табияттуу түрдө толук бойдон жашоого ыңгайлаштырылып салтту ыкмада курулган жана баардык шарттар түзүлгөн.
  • Салттуу ресторан: эмеректер толук бойдон салтту түрдө жана айылдын тарыхый архитектуралык ыкмасында салынган жана ресторандын отургучтары таштан жасалган, ал эми меймандарга байыркы жергиликтүү тамактарды берет.

Бабек шаарынын жана Мейманд кыштагынын табигый өзгөчөлүктөрү түзөтүү

Мейманд кыштагынын аба ырайы салыштырмалуу орточо, өзгөчөлүгү болуп кышында аба ырайы суук жана жайында орточо даражада болот. Мейманд айылы чөл жана тоолу аймактын ортосунда орун алган, аталган чөл Бабек шаарынын жана Мейманд кыштагынын бир канча аралыгында жайгашкан, ал байыркы заманда песте жана жапайы миндаль дарагына жыш болгон, ал эми азыркы маалда Мейманд айылдын чет тарабында гана калган. Мейманд кыштагына жакын жерде тыт дарактарын да кездештирүүгө болот. Мейманд чөлүндө жылаан, суусамыр, таш бака, кирпи, коен ж.б. жаныбарлар жашашат. Андан сырткары Мейманд тоолорунда ар түрлүү элик, карышкыр, түлкү, аркар, илбирс сыяктуу жапайы жаныбарлар жана аңчы канаттууларды көрүүгө болот. Ошондой эле бир канча мезгилдүү дарыялар жана суу түтүктөр, булактар Мейманд кыштагында орун алгандыктан аймакты суу менен толук камсыздап турат. Айыл чарбачылык Мейманддын башка тарыхый эстеликтери менен катар айылдын өзгөчөлүгү болуп эсептелет. Мейманд кыштагы жаз мезгилинде өзгөчө кооздука оролот. Мейманд аймагынын жашылдыгы, сууга бай болгондугу жана аба ырайынын ыңгайлуулугу шаар жана аймактагы башка айылдардын элдерин өзүнө тартат, адамдар өзүнүн эс алуусун айылда же булактын, суу түтүгүнүн жана дарыянын жээгинде өткөзүшөт. Мейманд кыштагынын таш сүрөттөрү Европа жана Австралиянын жардамы менен убактысы белгиленип жатат. Европа жана Австралия адистеринин жардамы менен Мейманд тарыхый кыштагынын таш сүрөттөрү изилденип кайсыл жылга таандык экендиги иштелип жатат. “Кабар мурасы” докладына ылайык Бабек шаарындагы Мейманд айылы Ирандагы эң байыркы кыштактардын бири, миңдеген жылдар өтсө дагы анда жашоого ыңгайлуу шарттар сакталып калган. Бул жанарлуу айылдын айланасында ар түрлүү таш сүрөттөрү тартылган, азыркы учурга чейин таш сүрөттөрдүн мааниси изилденип жатат. Фарибе Карими Мейманд кыштагынын таш сүрөттөрүн изилдегендердин башчысымындай деп айткан: “Аймактын тарыхый шартын чагылдырган таш сүрөттөрдүн маанилүүлүгүн эске алуу менен жана Иранда таш сүрөттөрдү изилдөө мүмкүнчүлүгү жана технологиясы жок болгондуктан Австралия жана Европа адистеринин жардамы менен Мейманд кыштагындагы таш сүрөттөрдү изилдөө жана кайсыл жылга таандык экендиги изилденип жатат.” Аталган Европа жана Австралия адистери улуу Мейманд долбоорунун жетекчилери аркылуу чакырылып, Ирандын адистери менен биргеликте таш сүрөттөрүн изилдөө иштерин биргеликте аткарышат. Азыркыга чейин аймактагы 65 таш сүрөттөр изилденип бүттү, Кариминин айтымында аталган сүрөттөрдүн ичинде аңчылык, согуш, итке окшогон айбандардын, жылкылардын сүрөттөрү чагылдырылган. Аталган таш сүрөттөрдүн ичинен эки үлгүсү өлкөнүн эң баалуу таш сүрөтү болуп саналат. Сүрөттөрдүн бири түстүү, ал эми экинчисинде жаа жана жебе тартылган аңчылыктын сүрөтү чагылдырылган. Карими андан сырткары Мейманд кыштагындагы таш сүрөттөрдү изилдөөнүн маанилүүлүгү тууралуу мындай деген: “Археологиялык изилдөөлөр менен катар таш сүрөттөрүн изилдөө бул аймактын жергиликтүү тургундарынын жашоо шартын, кол өнөрчүлүгүн ачыка чыгарууга жана Мейманд кыштагынын кайсыл доорго жана жылга таандык экенин аныктаганга жардам берет.” Таш сүрөттөрүн изилдөө дүйнөдөгү археология илиминин эң маанилүү бөлүгү болуп эсептелет. Австралия жана Европа мамлекеттери канчалаган жылдардан бери аталган изилдөөлөр боюнча көптөгөн өлкөлөрдө ар кандай иштерди аткарып келет. Ирандын ар кайсыл бөлүктөрүндө, өзгөчө тоолу аймактарында таш сүрөттөрүнүн көптөгөн үлгүлөрү табылган, бирок тилеке каршы бул тармакта изилдөө жүргүзүдөгү мүмкүнчүлүктүн жок болгондугунан азыркыга чейин изилдөө иштери аткарылган эмес. Лора Гуран Италия археологу табылган таш сүрөттөрүн эске алуу менен Мейманд кыштагынын цивилизациясын 6-12 миң жыл мурда болгондугун далилдеген. Ой жорууларга таянуу менен жана Мейманд кыштагынын 8 км түштүк тарабындагы таш сүрөттөрүн документтештирүүлөрдү эске алуу менен Франциядан келген делегациянын 25 жылдык эмгектеринин натыйжасында айылдын байыркылыгы 12 миң жыл тарыхы бар деп божомолдонду.

Климат жана өсүмдүктөр түзөтүү

Мейманд аймагынын климатын изилдөө үчүн өлкөнүн аба ырайын изилдөө уюмунун аймактагы жакын синоптикалык борбордун маалыматын колдонуп келет. Аталган маалыматка ылайык Мейманд кыштагынын аба ырайы орточо тоолу климатты түзөт, аймактын климаты кышкысын каар жаап суук болсо ал эми жазында негизинен орточо аба ырайын түзөт. Декабрь, январь, апрель жана март айлары абанын орточо ысыктыгы 10 даража, ал эми апрель, май, июнь, июль, август жана сентябрь айлары абанын орточо ысыктыгы 20 даражаны түзөт. Нөшөрдүн жылдык орточо ылдамдыгы 162 мм түзөт, жаанчыл мезгил болуп кыш мезгили эсептелет. Орточо жылдык нымдуулук 34 даража, жогорку даража декабрь айында 55 даражага жетет, ал эми төмөнкү даража 20 пайызды түзүп август айына туш келет. Өсүмдүктүн жыштыгы тоо этегинде жайгашып токойлуу дарактар менен жыш орун алган. Аймактагы өсүмдүктөр болуп тоо песте дарагы, тоо миндаль дарагы, бадалдар жана даары өсүмдүктөр катары аллелия, тимьян, ромашка, пуна, клиппер эсептелет, ал эми айыл чарба өсүмдүктөрү болуп тоо жаңгагы, миндаль, жүзүм жана алмурут аймактын жашыл капчыгайында булактын айланасында өстүрүлөт.

Булактар түзөтүү

  • http://visitmeymand.ir/1394/04/13/post-3/ Archived 2015-07-25 at the Wayback Machine Мейманд тарыхый кыштагынын расмий сайты.
  • Сиамек Хашеми, жер алдындагы цивилизациянын жарыгы (Ирандын жер алдындагы курулуштары)
  • Гуламали Хамайун, «Мейманд кыштагы тууралуу изилдөөлөр»
  • Али Акбар Сарфароз, “Мейманд Сасаниддер шаары” Ирандын эл аралык өнөр жана археологиялык бешинчи конгреси
  • Муртаза Фархади, “Сиржан жана Бабек шаарындагы табылган сүрөттөр менен таанышуу”
  • http://www.chn.ir/shownews.asp?no=10733(жеткиликсиз шилтеме) Тегеран маданий мурасы
  • Иран ишкерлер маалымат булагы
  • Мурадиян, Аббас жана Юсуф, Мейманд аймагынын геологиялык изилдөөлөр доклады, маданий жана туристик мурастар уюму
  • Мейманд сарайы, Сахила Шахшахани
  • Колго казылган Мейманд кыштагынын туритсик кызматтар сунушунун долбоору, Мухаммад Резахажи Рахими


Маданият, География