Мексика, расмий ― Мексика Кошмо ШтаттарыТүндүк Американын түштүк-батышындагы мамлекет. Түндүгүнөн АКШ, түштүк-чыгышынан Гватемала жана Белиз менен чектешет. Батышы менен түштүгүн Тынч, чыгышын Атлантика океандары чулгайт.

Мексика Кошмо Штаттары
исп. México

Герб
Туу Герб
Мамлекеттик Гимни
Файл:MEX orthographic.svg и LocationMexico.svg
Эгемендүүлүк күнү 16 сентябрь 1810

Испания)

Расмий тили Испан тили жана 67 жергиликтүү калктардын тили
Борбор шаары Мехико
Ири шаарлар Гвадалахара, Пуэбла
' Андрес Мануэль
Аянты
• Жалпы
13чү - дүйнөдө
1.972.550 км2 км²
Калкы
• Бааланган ([[|]])
Жыштыгы

128.649.565 адам (10чу)
62 киши км2 ад./км²
Этнохороним мексикалык, meksikalyq
Акча бирдиги Мексика песосу
Домени .mx
ISO коду MX
ЭОК коду MEX
Телефон коду ++52
Убакыт аралыгы UTC -5, -8

МексикаБУУнун (1945-жылдан), ЭВФтин (1945), Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (1945), Америка өлкөлөрү уюмунун (1948), Латын Америка интеграция ассоциациясынын (1980), Рио тобунун (1989), Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтыгынын (1993), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995) мүчөсү.

Административдик-аймактык бөлүнүшү (2009)

Мамлекеттик түзүлүшү түзөтүү

Мексика – федерациялык мамлекет. Конституциясы 1917-жылы кабыл алынган. Башкаруу формасы – президенттик республика. Мамлекет жана өкмөт башчысы – президент. Мыйзам чыгаруучу бийликтин жогорку органы – эки палаталуу Генералдык конгресс (депутаттар палатасы жана сенат). Аткаруу бийлигин президент башында турган федералдык администрация ишке ашырат. Мексикада көп партиялуу саясий система орун алган. Негизги саясий партиялары: Институттук-революциялык партия (ИРП), Улуттук кыймыл партиясы, Демократиялык революция партиясы, Экологиялык жашылдар партиясы ж. б.

 
Мексикалык аскер.

Табияты түзөтүү

Аймагынын көпчүлүк бөлүгүн Мексика тайпак тоосу (бийиктиги 1000–2000 м) ээлеп, аны айланта Чыгыш Сьерра-Мадре, Батыш Сьерра-Мадре, туурасынан Жанар тоо Сьеррасы (аракеттеги Орисаба жанартоосу, бийиктиги 5610 м; Попокатепетль, 5465) курчайт. Түштүк-батышында Калифорния жарым аралы, түштүгүндө Чьяпас жана түштүк Сьерра-Мадре тоо массивдери, түштүк-чыгышында ойдуңдуу Юкатан жарым аралы жатат. Климаты деңиз деңгээлинен бийиктигине жараша деңиз жээктеринде нымдуу тропиктиктен, түндүгүндө субтропиктик, тоолорунда мелүүн. Январдын орточо температурасы түндүгүндө жана түндүк-батышында 10°С, түштүгүндө 25°С, июлдуку тайпак тоолорунда 15°С, Калифорния булуңунун жээгинде 30°Сге чейин. Жылдык жаан-чачыны100ммден 3000 ммге чейин. Ири дарыясы – Рио-Браво-дельНорте (же Рио-Гранде, АКШ менен болгон чек арасы аркылуу агат). Эң чоң көлү – Чапала. Түндүк-батышына боз жана чөл, тоолуу аймактарына күрөң тоо топурагы мүнөздүү. Мексиканын ысык жана нымдуу бөлүгүндө дайыма жашыл тропик токою, Түндүк жана түштүгүндөгү тоолорунда аралаш жана ийне жалбырактуу токой, кургакчыл аймактарында жарым чөл жана чөл өсүмдүктөрү өсөт. Мексика биологиялык деңгээли жана ландшафтынын ар түрдүүлүгү боюнча дүйнөдө алдынкы орунду ээлейт. Фаунасынын курамында 500дөн ашык сүт эмүүчүлөр (анын ичинде 31%и эндемик, 18%и жоголуп кетүү алдында), 1100дөн ашык канаттуулар (11; 5), 800гө чукул сойлоочулар (48; 12), 350дөн ашык жерде-сууда жашоочулар (45; 58) кездешет. Жаныбарлардын сейрек кездешүүчү түрлөрүн (деңиз таш бакасы, ача мүйүз антилопа, барибала) сактап жана көзөмөлгө алуу боюнча мамлекеттик долбоорлор иштейт.

 
Чечен-Ица, Юкатан.

Мексиканын деңиз экосистемасы да ар түрдүүлүгү [шуру (коралл, 60–80 түрү) рифтери, жээк лагуналары, мангр саздары жана өсүмдүктөрү] менен өзгөчөлөнөт. Мексикада 170ге жакын коргоого алынган табигый аймак (өлкөнүн аянтынын 12%и, анын 18,7 млн гасы кургактыкта, 4,5 млну деңизде) бар. Көптөгөн улуттук парктар (67) уюштурулган. Сиан-Каан биосфера резерваты (Юкатан ж. аралынын чыгыш жээги), Марипоса-Монарка (Жанартоо Сьеррасында сейрек кездешүүчү данаида монарх көпөлөгү кыштайт), Калифорния булуңу (дүйнөдөгү кит сыяктуулардын жана 900дөн ашык балыктын түрү кездешет) жана Эль-Вискаино резерваты (деңиз сүт эмүүчүлөрү жана таш бака) Бүткүл дүйнөлүк мурастын, коргоого алынган 36 табигый аймагы ЮНЕСКОнун тизмесине киргизилген; 17си (аянты 1,9 млн га) эл аралык маанидеги Рамсар конвенциясынын чегинде коргоого алынган. 5Өлкөнүн аймагынын ¼ бөлүгүнөн ашыгын агроландшафт ээлейт. Суу эрозиясынын натыйжасында топурагы деградацияга учуроодо. Экологиянын негизги көйгөйлөрүнүн бири токойлорунун кыйылып жок болушу, абанын булганышы болуп эсептелет.

Калкы түзөтүү

Калкынын негизин мексикалыктар түзөт. Ошондой эле индейлер (юто-ацтек жана отомангдар, майя, тотонак менен тепеуалар, михесоке, тарасктар, хока элдери, англис тилдүү кикапу ж. б.), Америкалыктар, испандар да жашайт. Расмий тили – испан тили (нахуатль, майя, отоби жергиликтүү тил катары кеңири колдонулат). Католик динин тутат. Орточо жыштыгы 1 км2ге 57 киши. Калкынын жашынын орточо узактыгы эркектериники – 72,9 жаш, аялдарыныкы – 77,6. Төрөлүүнүн деңгээли орточо (1000 кишиге 17,5), өлүм-житим төмөн (1000 кишиге 5,0, жаш балдардыкы 1000ге 13,7). Шаар калкы 77,8%. Ири шаарлары: Мехико, Экатепек, Гвадалахара, Пуэбла, Хуарез.

 
Мексиканын калкынын картасы. 2013.

Тарыхы түзөтүү

Мексика аймагында адамдар соңку палеолит доорунда (биздин заманга чейинки 20 миң жыл мурда) жашаган. Бул жерде алгачкы мамлекет ольмектерге (биздин заманга чейинки 1500–600-жылы) таандык. 4-кылымда Майя империясы түзүлүп, 6–8-кылымда кыйла гүлдөп өнүккөн. 10-кылымда Мексиканын азыркы борборунда пайда болгон тольтектер мамлекетин 13-кылымда түндүктөн келген чичимек, нахуатлан уруулары жана ацтектер сүрүп чыгарган. Мындан соң ацтектер өз мамлекетин түзүп, Теночтитлан шаарын (азыркы Мехико шаары) негиздеп, 15-кылымда Борбордук жана түштүк Мексиканы өз бийлигине баш ийдирген. Испандар (башында Э. Кортес турган) 1517-жылы Мексика жээктерине жетип, ацтектерди талкалап, 16-кылымдын аягына чейин Мексика аймагын негизинен каратып, жергиликтүү индейлерди аёосуз эзген. Мексика жаңы Испаниянын вице-королдугуна айланган. Оор эмгек, ачарчылык жана оору-сыркоодон индейлердин көбү кырылган (1532-жылы 16,8 млндой адамдан 1605-жылы 1 млндон ашыгы гана калган). 16-кылымдын 30жылдарынан колониячылар Мексикада баалуу металлдарды казып алууну өнүктүргөн. Мунун баары колониячыларга каршы жергиликтүү элдердин көп сандаган көтөрүлүшүнүн (1626-, 1692-, 1761-, 1767-жылы ж. б.) чыгышына себеп болгон. Өлкөнү колониялоо убагында түрдүү этностук топтордун (европалыктар, индейлер, Африкадан алынып келинген негрлер) аралашуусунан 19-кылымдын башында мексикалыктардын калыптанышына шарт түзүлгөн. Баскынчыларга каршы боштондук кыймылдын күчөшүнөн улам, 1821-жылы 28сентябрда Мехикодо Мексиканын көз карандысыздыгы жарыяланып, республика түзүлгөн. 1833-жылы А. Лопес де Санта-Ана бийликке келип, диктатура орноткон. Бийликке каршы ички саясий күрөш Мексиканы кыйла начарлаткан. Мексика аймагын басып алууга умтулган АКШ, 1845-жылы Техасты зордоп өзүнө кошуп алып, 1846-жылы Мексикага каршы согуш ачкан. Мексика эли баатырдык менен каршылык көрсөткөнүнө карабастан жеңилип, 1848-жылдагы келишим боюнча Мексика өз аймагынын 55%инен же Калифорния, СанФранциско жана Лос-Анжелес шаарынан ажыраган. Ошондой эле Гадсден келишиминин (1853) негизинде АКШ Мексика өкмөтүн дагы 120 миң км2 аймагын 10 млн долларга берүүгө мажбурлаган. 1853-жылы бийликке кайра келген Санта-Ананын саясатына каршы Мексиканын түштүгүндө 1854-жылы чыккан көтөрүлүш көп узабай революцияга айланып, 1855-жылы Санта-Ананын диктатурасы кулатылган. Мындан соң Х. Альварестин либералдык өкмөтү бийликке келип, 1856-жылы конгрессте бир катар антиклерикалык мыйзамдар, 1857-жылы жаңы конституция кабыл алынган. Анын киргизилишине каршы консерватор-клерикалык реакциячыл күчтөр 1857-жылдын аягында козголоң чыгарып, Х. Альварестин өкмөтүн кулаткан. Республиканы убактылуу президент Б. Хуарес башкарган либералдар эл массасынын колдоосуна таянып, конституцияны жактап чыккан. Өлкөдө жарандык согуш башталган. Хуарес өкмөтү 1859-жылы июлдагы «реформа жөнүндөгү мыйзамдарда» чиркөө мүлкүн мамлекеттештирүүнү, чиркөөнү мамлекеттен бөлүүнү ж. б. белгилеген. Бул куралдуу күрөштү ого бетер ырбатып, ал либералдардын толук жеңиши менен аяктаган. 1862-жылдын башында Улуу Британия, Франция, Испания мексикалык реакцияга жардам берип, франциялык баскынчылар Мехикону жана өлкөнүн маанилүү шаарларын басып алып, Мексиканы австриялык эрцгерцог Максимилиан I башкарган империя деп жарыялаган. Элдин баатырдык күрөшүнүн натыйжасында интервенттер 1867-жылы мартта Мексикадан чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Хуарес өлгөн соң (1872) президент болгон С. Лердо де Техаданын (1872–76-жылы сураган) ордуна келген диктатор П. Диастын тушунда конституция, жарандык эркиндик иш жүзүндө жоюлуп, конгресс мурдагы ролунан ажыраган. Мексикага чет элдик, болгондо да түндүк америкалык. капиталдын киришинен, феодалдык калдыктардын сакталышынан феодалга жана империалистке каршы кыймыл күчөгөн. 20-кылымдын башында Мексикада революциячыл жогорулаш пайда болгон. Мексика революциясынын (1910–17) натыйжасында, 1917-жылы 5-февралда прогрессчил роль ойногон демократиялык конституция кабыл алынган. Анын 27-статьясында Мексика өкмөтү чет элдик компаниялар менен түзгөн 1876-жылдан берки концессия жөнүндө келишимдерди жана бардык контракттарды карап чыгып, латифундияга берилген жерлерди дыйкандар менен индейлерге кайра кайтарган, 8 сааттык жумуш күнү, эмгек акы ж. б. киргизилген. Бирок конституцияны толук ишке ашыруу ошол мезгилдеги бир катар социалдык-экономикалык мамилелерди жоюуну талап кылган. 1917–21-жылдары жаңы конституцияны ишке ашырууга шашылбаган президент В. Карранса өлкөдөн куулуп, 1920-жылы 1-декабрда президенттикке генерал А. Обрегон шайланган. Ал реформаны ишке ашыруу боюнча маанилүү кадамдарды (агрардык жана эл агартуу тармагында) жасап, тышкы саясатта активдүү иштерди жүргүзүп, СССР менен дипломатиялык мамилелерди түзгөн (1930-жылга чейин). 1924-жылы президенттик бийликке П. Кальес келген. Реакциячыл топтор жана чет элдик компаниялардын кысымына туруштук бере албаган жана жумушчулар менен дыйкандардын кыймылынын өсүшүнөн чочулаган Кальес өкмөтү жана андан кийинки өкмөттөр 20-жылдарда жана 30-жылдардын аягында саясий багытын кескин өзгөртүп, агрардык реформа жүргүзүүнү токтоткон, прогрессчил уюмдарды куугунтуктаган. Өкмөттүн реакциячыл саясатынан жана эмгекчилердин абалынын начарлашынан улам революциячыл кыймыл жогорулап, Улуттук революциячыл партиянын (УРП, 1929-жылы түзүлгөн) өкүлү Л. Карденас-и-дель-Рио 1936-жылы президенттикке шайланган. Анын тушунда айрым темир жол жана англиялык, америкалык. нефть компаниялардын ишканалары мамлекеттештирилген. Экинчи дүйнөлүк согуш (1939–45) башталганда Мексика өкмөтү (президент М. Авила Камачо) адегенде бейтараптыкты жактап, кийин гитлерге каршы коалицияга тилектеш болуп, 1942-жылы ноябрда СССР менен дипломатиялык мамилени калыбына келтирген. 1946-жылы Мексика революциялык партиясы (МРП) Институттук-революциялык партия (ИРП) болуп өзгөргөн. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Мексиканын экономикасы жогорулаган. Президент А. Риус Кортинес бийликке келгенден (1952–58) кийин, коррупцияга каршы чаралар көрүлгөн. 1953-жылы аялдар эркектер менен бирдей саясий укуктарга ээ болгон. Мексика экономикасына америкалык. банк капиталынын өңүтү күчтүү болгондуктан, Мексика өкмөтү өлкөнүн тышкы саясатына АКШны жакындатпоого умтулган. Лопес Матеос өкмөтү (1958–64) экономиканын мамлекеттик секторун чыңдап, 1960-жылы электр энергетика ишканаларын мамлекеттештирген. 1961-жылы тоо-кен өнөр жайын «мексикалаштыруу» жөнүндө мыйзам кабыл алынып, андагы чет элдик капиталдын үлүшүн (49%ке) чектеген. Батыш Европа өлкөлөрү менен тыгыз байланышып, Куба революциясына каршы АКШнын аракеттерин колдоодон, Куба менен дипломатиялык мамилесин үзүүдөн баш тарткан. Президент Г. Диас Ордас (1964–70) улуттук финансы-өнөр жай буржуазиясынын өңүтүн чыңдоо менен бирге экономиканын мамлекеттик секторун күчөтүү саясатын жүргүзгөн. 1970-жылы бийликке келген Эчеверриа Альварес өкмөтү агрардык реформа (1971), жаңы шайлоо (1972), чет элдик капитал салымдарына чек коюу (1973) жөнүндө мыйзамдарды чыгарып, жумушчулар үчүн турак-жай курулуш фондусун түзгөн, мамлекеттик кызматкерлер үчүн 5 күндүк иш жумасы белгиленген. Куба, Перу, Чили ж. б. Латын Америкасынын өлкөлөрү менен байланыш чыңдалып, 1972-жылы КЭР менен дипломатиялык мамиле түзүлгөн. Президент Х. Лопес Портильонун (1976–82) тушунда Чьяпас, Табаско штаттарында жана Кампече кысыгында ири нефть кендери ачылып, 1976–82-жылдары Мексика нефть өндүрүү боюнча дүйнөдө алдынкы орундардын бирин ээлеген. 1981-жылы нефть баасынын түшүшү менен өлкөнүн экономикасы кескин төмөндөгөн (1996-жылга карата Мексиканын тышкы карызы 100 млрд АКШ долларын түзгөн). 2000-жылы жалпы шайлоонун жыйынтыгы менен ИРП (ондогон жылдар бийликте болгон) жеңилип, В. Фокс башында турган оппозициялык Улуттук аракет партиясы (УАП, 1939-жылы негизделген) бийликке келген. Өлкөнүн экономикасы төмөндөп, элдин социалдык абалы оордоп, массалык түрдө (бир жылда 500– 600 миң киши) АКШга кеткен. 2006-жылы Демократиялык революция партиясынын лидери (ДРП, 1989-жылы түзүлгөн) Ф. Кальдерон Инохасанын президенттик бийликке келиши менен өлкөнүн өсүү темпи турук ташып, инфляция төмөндөп, жумушсуздук азайган. Анын өкмөтүнүн негизги милдети – жумушсуздукту (Мексикада ишке жарамдуу калктын үчтөн биринин туруктуу иши жок, мексикалыктардын көбү чет өлкөлөрдө, негизинен АКШда иштейт) жана жакырчылыкты (М. калкынын 45%и жакыр) жоюу.

Экономикасы түзөтүү

Мексика – Латын Америкасындагы Бразилиядан кийинки өнүгүп келе жаткан, экономикалык потенциалы жогору 2-өлкө. Капиталдын эң маанилүү бөлүгү Америкада жашаган мексикалык иммигранттардын акча которуусунан түшөт. ИДПнин көлөмү 1 трлн 567 млрд доллар (2010, АКШ); аны киши башына бөлүштүргөндө 13,9 миң доллардан туура келет. ИДПдеги тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү (% менен) 63,3, өнөр жайыныкы30,3, айыл чарбаныкы 3,5. Мексиканын экономикасында нефть-газ өнөр жай башкы ролду ойнойт. Нефть (157 млн тонна, 2009; Венесуэладан кийинки 2-орунда), газ (56 млрд м3; Латын Америкасында 1-орунда), кара металлургия (3-), көмүр, темир (11,7 млн тонна , 2007; 3-орунда), жез, коргошун, цинк, сурьма, висмут, кадмий, молибден, ошондой эле алтын, күмүш казылып алынат. 2008-жылы 231,4 млрд кВт.с электр энергиясы өндүрүлгөн. Өнөр жайынын негизги тармагы – машина куруу (анын ичинде америкалык. «General Motors», «Chrysles», «Ford Motor», германиялык «Volkswagen», япониялык «Nissan» автомобилдерин чогултуу өзгөчөлөнөт; тетиктер, агрегаттар комплектенет;), ошондой эле электртехникалык (тиричилик приборлору), электроника (телевизор, компьютер, уюк телефону ж. б.), кара жана түстүү металлургия, нефть ажыратуу, химиялык, нефть-химиялык (жасалма каучук, химиялык була ж. б.), жыгаччылык, фармацевтика (негизинен антибиотиктер ж. б.), жеңил (жогорку сапаттагы жинсы кездемелери, тигилүү кийимдер, бут кийим), тамак-аш (сүт, кант, жашылча-жемиш консервалары, балык жана деңиз) өнөр жай ишканалары иштейт. Сыртка пиво жана текила, кофе, жемиштер (авокадо, папайя, манго, цитрус өсүмдүктөрү), жашылча (томат) чыгарылат. Агр. секторунда жашылчачылык өнүккөн. Негизги азыгы – жүгөрү (аны чогултуу боюнча дүйнөдө 3орунда). Дан эгиндери, шалы, пахта, бал камыш, агава-хенекен, жер жаңгак, ананас, цитрус, тропиктик жана субтропиктик өсүмдүктөр өстүрүлөт. Мал чарбачылыгы анча жакшы өнүккөн эмес. Бал өндүрүү боюнча дүйнөдө алдыңкы орундардын бирин ээлейт (2009-жылы 53 миң тонна өндүрүлгөн; негизинен Европа өлкөлөрүнө чыгарылат). Балыкчылык (жылына 1,77 млн тонна) өнүккөн. Автомобиль жолунун узундугу (миң км менен) 360,4 (анын 127,4 асфальтталган, 2008), темир жолунуку 26,7 (2005), куур транспортунуку 39,2 (анын ичинде нефтиники 8,9, газдыкы 16,7; 2006). Тынч океандын жээгиндеги ири порттору: Мансанильо, Ласаро-Карденас, Исла-Седрос, Салина-Крус, Атлантика океанындагылары – Кайо-Аркас, Коацакоалькос, Веракрус. Кайра иштетүүчү өнөр жайынын продукциялары (80%ке жакын), нефть (көлөмү боюнча Венесуэладан кийин 2-орунда), айыл чарба продуктулары, минералдык сырьё экспорттолот. Негизги соода шериктештери: АКШ, Канада, Кытай. Туризм [анын ичинде альпинизм, үңкүр (спелео) туризми] өнүккөн.

Маданияты түзөтүү

Билим берүү системасы мектепке чейинки тарбиялоону, милдеттүү 9 жылдык, кесиптик-техникалык жана жогорку билим берүүнү камтыйт. 15 жаштан жогору калктын сабаттуулугу 92,8%ти түзөт (2008). Мичоакан университети (1540), Автономия университети (1587), Нуево-Леон штатындагы Автономия университети (1933), Улуттук политехникалык институту (1936), Улуттук педагогика университети (1936) ж. б. жогорку окуу жайлары бар. Мехико шаарындагы Улуттук тарых жана антропология музейи (1939), Мичоакан (Морелия, 1886), Юкатан (Мерида, 1920), Пуэбла (1931), НуэвоЛеон (Монтеррей, 1956) ж. б. бир нече штаттарында музейлер иштейт. Массалык маалымат каражаттары. «El Uniwersal», La Jornada, «Excelsior», «Uno mas uno», «La Prensa», «Reforma» ж. б. ири коомдук-саясий гезиттери чыгат. Радиоуктуруусу 1955-жылдан, телекөрсөтүүсү 1972-жылдан, ошондой эле «Informaciones Mexicanas (1960), «Noticias Mexicanas (1968) улуттук маалымат агенттиктери иштейт.

Адабияты түзөтүү

Мексикада пиктографиялык жазманы колдонгон жергиликтүү элдин мифтик бай адабияты болгон. 16-кылымдан Мексика адабияты негизинен испан тилинде өнүгүүдө. Алгачкы испанча адабий жазма эстеликтерге Э. Кортестин Карл Vге жазган каттары (1519–26), ошондой эле Б. Диас дель Кастильонун («Жаңы Испанияны жеңип алуунун чыныгы тарыхы» деген хроникасы эсептелет. 17-кылымдын ортосунда К. де Сигуэнса-и-Гонгора, Х. И. де ла Крус сыяктуу көрүнүктүү акындар адабиятка келишкен. 18-кылымдын ортосунан классицизм багыты жанданган (Ф. Х. Клавихеро «Мексиканын байыркы тарыхы», 1780; Р. Ландивар латын тилинде «Айылдык Мексика», 1781). Азаттык үчүн күрөш мезгилинде (1810–24) революциячыл классицизм духундагы патриотчул поэзия, публицистика жанры өнүккөн. 19-кылымдын башында латын америкалык. тунгуч роман жаралган (Х. Х. Фернандес де Лисарди, «Перикильо Сарньенто», 1816). 1820-жылдары Мексика адабиятында романтизм калыптанып, анын башатында – М. Акуньи, Г. Прието («Көчө музасы», 1883) сыяктуу акындар турган. Романтизм агымында тарыхый роман жазууга Э. Анкон, В. Рива Паласио ж. б. өңдүү жазуучулар кайрылып, Х. Диас Коваррубьястын «Хиль Гомес-инсурген» (1858), И. М. Альтамирранонун «Клеменсия» (1869) аттуу романдары 19-кылымдагы тарыхый окуяларды баяндаган. 19–20-кылымда поэзияда модернизм калыптанган. М. Гутьеррес Нахера, С. Диас Мирон [«Ырлар» (1895), «Осколки» (1901), ыр жыйнактары], М. Х. Отон, А. Нерво [«Жан дүйнөмдүн бакчасы», 1905] поэтикалык ырлар жыйнагы], Х. Х. Таблада. Мексиканын 20-кылымдагы көрүнүктүү акындары В. Лопес Веларде, Э. Гонсалес Мартинес, К. Пельисердин ырларында улуттун руху ар тараптуу ачылган. 50-жылдардын 2-жарымында проза өнүгүп, элдин турмушун чагылдырган. Буга А. Яньес («Нөшөр алдында», 1947), Х. Рульфо («Педро Парамо») ж. б. жазуучулардын чыгармалары мисал. 1970–90-жылдардагы поэзияда элдин сүйлөшүү интонациясы сакталып, аны Х. Э. Печеко, О. Ардхис, Г. Саид ж. б. улантты. 20-кылымдын аягы – 21-кылымдын башындагы көрүнүктүү жазуучулар: К. Монсивайс, Л. Эскивель, Э. Сепеда ж. б.

Архитектура жана сүрөт искусствосу түзөтүү

Байыркы мезгилде Мексиканын аймагында индейлердин (ольмендердин, сапотектердин, майялардын, тотонанттардын, тольтектердин, миштектердин, айтектердин) көркөм маданияты өнүгүп, алардын көп сандаган архитектура ансамблдери жана эстеликтери сакталып калган. Майя эли оймо-чийме түшүрүлгөн кооз карапа, алтын буюмдарды жасашкан. 16-кылымда испандар караткандан кийин индей шаарларынын ордуна жаңы шаарлар курулуп, испан үлгүсүндөгү чиркөөлөр, сарайлар, ратушалар, католик мектептери (коллегиялар) салынган. 17-кылымда барокко үлгүсүндөгү имараттар (Морелиядагы собор, 1640–1705; Мехикодогу Улуттук сарай, 1622–99), турак үйлөр, кооз чиркөөлөр ж. б. тургузулат. 18–19-кылымда классицизм стили, 19-кылымдын 2-жарымында архитектурада модерн стили өрүш алат. 20-кылымда Мексика архитектурасында конструктивизм адегенде административдик имараттарда, кийин турак-жайларда колдонулган. Имаратты жасалгалоодо живопись менен скульптура көбүрөөк киргизиле баштаган. 1949–54-жылы архитектор К. Ласонун жетекчилиги менен университет шаарчасынын ансамбли тургузулган. 1968-жылдагы Олимпиялык оюндарга карата көп спорт курулуштары (Ацтек стадиону, арх. П. Рамирес Васкес; Спорт сарайы, арх. Ф. Кандела) салынып, жаңы шаарлар пайда болгон. Сүрөт искусствосунда 19-кылымга чейин негизинен портрет жанры, живопись өнүккөн. 19-кылымдын аягында пейзажчы Х. М. Веласко, сатиралык графиканы негиздөөчү Х. Г. Посада элдик мотивдер менен тыгыз байланышкан көптөгөн картиналарды жаратышкан. 1910–17-жылдардагы Мексика революциясы жана коммунисттик кыймылдын өсүшү Д. Ривера, Х. К. Ороско, Д. Сикейрос сыяктуу чеберлердин чыгармачылыгына шык берген. 50–60-жылдары архитектура менен катар монументалдуу живопись да кулач жайган. Элдик өнөр чеберлери (көбүнчө индейлер) кооз карапа идиш жасап, кездеме токуп, сайма сайып, көркөмдөп күмүш буюм жасашат.

Музыкасы түзөтүү

Майя менен ацтектердин цивилизациясында музыка коомдук, мамлекеттик жана диний мамилелерде көрүнүктүү мааниге ээ болгон. Бүгүнкү Мексикада европалык жана африкалык маданияттардын таасириндеги көөнө музыканын айрым белгилери сакталып калган. 16-кылымдын башында Мексиканын профессионал музыкасы калыптанган. 1527-жылы Мехикодо музыкалык мектеп ачылган. 1825-жылы композитор жана дирижёр Х. М. Элисага Мехикодо менчик музыкалык академияны негиздеп, 1826-жылы симфониялык оркестр уюштурган. 1866-жылы консерватория (1877-жылдан Улуттук) ачылган. 19-кылымдын ортосунда опера жанрында иштеген улуттук композиторлор (С. Н. Паниагуа-и-Васкес, А. Ортега, М. Моралес) өсүп чыккан. Улуттук композиторлор мектебин негиздөөчүлөр – С. Ревуэльтас жана К. Чавес (20-кылымдын 1-жарымы). Композиторлор М. Б. Хименес, П. Монкайо, музыка таануучу В. Г. Мендоса, О. Майер-Серралар Мексиканын музыкалык маданиятынын өнүгүшүнө чоң салым кошушкан. Мехикодо Улуттук опера (1934), Улуттук симфониялык оркестр (1949) иштейт. Бул оркестр – Латын Америкасындагы симфониялык коллективдердин эң мыктыларынын бири.

Театры түзөтүү

Мексиканын театр искусствосунун негизин байыркы индейлердин диний үрп-адаттары түзөт. 16-кылымда өлкөнү испандар басып алгандан кийин Мехикодо «Колисео» (1670), «Нуэво Колисео» (1735) жана Гвадалахарада (1758), Веракруста (1787) туруктуу театрлар пайда болгон. Буларда испан авторлорунун чыгармалары коюлуп, ролдорду испан актёрлору аткарган. 1923-жылы драматургдар союзу түзүлгөн. 1946-жылы Мехикодо «Паласио де бельяс артес» театры. Мехико. Улуттук көркөм искусство институту (драмалык чеберчилик мектеби менен кошо) ачылган.

Киносу түзөтүү

Мексика киносунун жаралышы 1896-жылы Мехикодо кинозал ачкан биринчи кинопрокатчы С. Тоскано Баррагандын ысмы менен байланыштуу. Туңгуч көркөм фильм 1907-жылы пайда болгон. 1910-жылы кыска метраждуу комедиялар жана мелодрамалар коюлган. 1931–32-жылы режиссёр С. М. Эйзенштейндин жетекчилигинде тартылган «Жашасын Мексика» фильми мексикалык кино тартуучуларга зор таасир тийгизген. 1946-жылы Мексика кинематография илими жана искусство академиясы, 1989-жылы Мексика кинематография институту ачылган. Мексикада жылына 70тен ашык көркөм фильм тартылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү