Меланома (гр. miilanos — кара жана өтө-шишик), меланобластома — меланин пигментин көбөйтүучү клеткалардан турган рак. Көбунчө тери, кээде жүлүн м-н мээнин жумшак жанa көздүн торчо кабыгы, ошондой эле кызыл өңгөч, ичеги ж. б. органдардын четине чыгат. Адатта пигменттуу же пигменти жоголгон калдын ордуна өсөт.

Адегенде териде сөөл сымал оорубаган шишик пайда болуп, кийин кара же курөң тартып жараланат, канайт. Дарылоодо өз убагында операция жасоо, эрте диагноз коюу жанa нур терапиясын колдонуу керек.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.