Металлдын чарчашы - кеп жо­лу кайталап (цикл турунде) деформациялоонун натыйжасында металлдын бат эле талкаланып (сынып), абалынын өзгөрүшү.

Өзгөрмө күчтүн аракетинен металлда кайталанбас процесстер (энергиянын жутулушу, жылуулук бөлүп чыгаруу жана айрым бөлүгүндө калдыктуу чыңалуунун топтолушу) пайда болгондо металл чарчайт.

Чарчоо 2 негизги стадияга бөлүнөт:

  1. металлдын бетинде майда жаракачаларды пайда кылган кай­таланбас өзгөрүүлөрдүн топтолушу;
  2. жаракачалардын чоңоюшу.

Чарчоого каршылык чыдамдуулук чеги менен, б. а. үлгүгө белгилүү санда багыты өзгөрмө күч келтирилгенде (айландырылганда) металл үлгү талкаланбай туруштук бере турган эң чоң чыңалуу менен аныкталат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.