Метамерия (мета... жана грекче mtros – бөлүк, үлүш) – организмдин айрым топторунун денеси бирдей бөлүктөргө – метамерлерге бөлүнүшү. Бир организмдин метамелеринде кайталанган окшош структуралар гомодинамиялуу деп аталат. Метамерия ар түрдүү биологиялык себептерден түрдүү жолдор менен пайда болот. Кээ бир ичеги көңдөйлүүлөрдө колония түзүүдө метамериясы байкалат. Тасма курттардын метамериясы эндомите болгондуктан, ар бир муунакта жыныс органдары болуп, көбөйүшүн жогорулатат. Татаал түзүлүштүү көп клеткалуу жаныбарда метамериянын пайда болушу организмдин ар түрдүү функцияларынын ургаалдуулугу же кыймыл механизминин жакшыруусу менен байланышта, мисалы, сойлоп же сүзүп жүргөн учурда денени толкун сымал ийүү менен перистальтикалык кыймылы. Дененин бүт узундугу боюнча мителер бири-бирине толугу менен окшош болушу мүмкүн (гомономия) же болбосо аткарган кызматы боюнча ар башка сапатта болот (гетерономия). Органдардын бардык системаларын кучагына алган толук метамерия сегменттүү деп аталат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү