Метатеза - бир сөз ичинде же жанаша айтылган эки сөздүн ортосундагы тыбыштардын орун алмаштырылып айтылышы. Мисалы: тегирмен-темирген, күнөм-күмөн, төңкөр-көңтөр, мычкы-мыкчы, бүйүрмө-бүйрүмө, кырмычык-кырымчык, нысап-ынсап, жана башка. Өз ара орун алмашкан тыбыштар бири-бирине жанаша турушу жана бири-биринен алыс турушу мүмкүн. Бири-бирине жанаша турган тыбыштардын орун алмашуулары контактылуу метатеза д.а. Мисалы: сарымсак-сармысак, кайырмак-кайрымак, ыктыт-ыткыт жана башка. Бири-биринен башка тыбыштар аркылуу бөлүнүп, аралыкта турган тыбыштардын орун алмашуусу дистактылуу метатеза деп аталат. Мисалы: зоболо-золобо, жыңалач-жылаңач, жылаңбаш-жыңалбаш, жана башка.

Колдонулган адабияттар түзөтүү