Метатеория (гр. meta – кийин, андан кийин жана гр. theoria – байкоо жүргүзүү, кароо, изилдөө) – изилдөө предмети болуп кандайдыр бир башка теория эсептелүүчү теория. Метатеория кандайдыр бир теориянын жоболорунун жана түшүнүктөрүнүн системасын изилдейт; аны кыйла рационалдуу ыкма аркылуу түзүү мүмкүнчүлүгүн берүү менен анын чектерин, жаңы түшүнүктөрдү киргизүү жана анын жоболорун далилдөө ыкмаларын жана башка белгилейт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8