Метеориттер – Күн системасындагы майда планеталардын өз ара кагылышуусунда пайда болуп, Жерге түшкөн темир жана таш сыныктары; метеор тулкуларынын атмосферага киргенде, толук талкаланбай жер бетине түшкөн калдыктары. Жерге бир суткада түшкөн метеориттер менен алардын чаңдары 10 тоннага жетет. Метеориттердин салмагы граммдын үлүшүнөн ондогон тонннага чейин жетет. Өтө кичине өлчөмдөгү иетеориттер микрометеориттер деп аталып, салмагы 8–12 граммга жетет жана атмосферага анча чоң эмес ылдамдык менен кирет. Мындай шартта да жалпы метеориттердин 25%и гана Жерге чейин жетет жана географиялык аймагына жараша ат берилет. таш метеориттердин массасы 100 граммдан 1500 грамма жетип, курамында 47% кычкылтек, 21% кремний, 16% темир, 14% магний жана 2% башка химиялык элементтер болот, ал эми темир метеориттердин өлчөмү бир канча граммдан 20 миң граммдан ашып, курамы 91% темир, 8% никель, 0,5% кобальт, жез, фосфор, күкүрт жана кремнийден турары аныкталган. Чоң метеориттер Жер бетинде кратерлерди пайда кылат жана кагылышуудан талкаланат. Метеориттер астероид калдыктарынын орбитасы Жердики менен кесилишкен учурда келип түшөт. Метеориттерди Жердин жасалма жандоочуларына орнотулган атайы приборлор гана каттайт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Калып:Astronomy-stubКалып:Asteroid-stub