Мещёра ойдуңу, Мещёра – Чыгыш Европа түздүгүнүн борбордук бөлүгүндөгү аллювий-кум шилендилеринен турган түздүк (бийиктиги 130 мге чейин). Түндүгүнөн Клязьма, түштүк-батышынан Москва, түштүгүнөн Ока, чыгышынан Судогда дарыясы менен чектешет. Мещёранын табиятынын эң негизги өзгөчөлүгү – анда полесье тибиндеги ландшафттын үстөмдүк кылышы. Саз жана көл көп. Аралаш токой, кумдак жерлеринде мырза карагайлуу токой, дарыя өрөөндөрүндө шалбаа өсүмдүктөрү өсөт.

Мещёра.

Байланыштуу макалалар түзөтүү

Колдонулган адабияттар түзөтүү