Мидуэй атоллуТынч океандын борбордук бөлүгүндө, Гавайи аралынан түндүк-батышта жайгашкан. Аянты 6,2 км2. Атоллго Чыгыш жана Кумдуу аралы да кирет.

Мидуэй атоллу (1941).

Мидуэй атоллун 1859-жылы америкалык. капитан Брукс ачкан. 1867-жылдан АКШнын ээлиги. АКШнын аскер-деңиз күчтөрүнүн командачылыгы атоллду Мидуэй («жолдор ортосу») деп атаган. Калифорниядан Японияга кеткен жолдун ортосунда. 1903-жылы трансокеан кабель байланыш станциясы, 1935-жылы «Панам эруэйз» аэродрому курулган. 1941-жылдан 1993-жылга чейин АКШнын аскер-деңиз базасы болгон. 1942-жылы атоллдо айыгышкан катуу согуш болуп, анда Япония флотуталкаланган. 1996–2001-жылдары туристтер келип турушкан. Учурда АКШнын улуттук коругу.

Колдонулган адабияттар түзөтүү