Микрокыймылга келтиргич

Микрокыймылга келтиргич - кубаттуулугу 500 вгка жеткен электр кыймылдаткычтуу кыймылга келтиргич.

Автоматика тузүлүшүндө, кино- жана радиоаппараттарда. үй тиричилик приборлорунда ж. б-да колдону­лат. Ал туруктуу жанa өзгөрмө токтун Микрокыймылга келтиргичи болуп бөлүнет. Өзгөрмө токтуп Микрокыймылга келтиргичи магннттуү, магнит-жарым өткөргүчтүү жанa башкарылма вентилдер (тиристорлор) менен башкарылат. Кыймылдаткычтын айлануу ылдамдыгы статорго берплген чыңалуунун чоңдугун жанa симметриясын же жыштыкты өзгөртүү жолу менен жөнгө салынат. Туруктуу токтун Микрокыймылга келтиргичин башкаруу үчүн магниттүү жанa транзисторлуу күчөткүчтөр, транзистор менен тиристордун жыштыкты өзгөрткүчү пайдаланылат. Кыймылдаткычтын мех. мүнөздөмөлөрүн өзгөртпөс үчүн ага айлануу жыштыгы боюнча алынган тескери байланыш киргизилет.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.