Кыргызстан Милициясы

Милиция органдары‎»‎ барагынан багытталды)

Кыргыз Республикасынын Милициясы — Милиция Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жетекчилик кылган ички иштер органдарынын курамына кирет.

Кыргызстан Милициясы
Толук аталышы

Кыргыз Республикасынын Милициясы

Кыска аталышы

Милиция

Урааны

Приоритет милиции — действовать во благо общества, а не вызывать недовольство у народа!
Милициянын приоритети — коомго көмөктөшүү, элдин нааразычылыгын чакрыбоо эмес![1]

Негизги маалымат
Негизделген

17-апрель 1917 жыл

Муруңку түрү

Кыргыз ССРинин милициясы

Кызматкерлеринин саны

13.000

Мамлекет

 Кыргызстан

Башкаруучулугу
Багынган

КР ИИМ

Жоопкерчиликтүү башчы

Ниязбеков Улан Омоканович

Түзүлүшү
Башкы штабы

Фрунзе 469, Бишкек

Багыныштуу органдар

ГУОБДД
СОБ
ГУУР
ТМ КР
Шумкар
Ички Аскерлер

Милиция бөлүмү, Интернационал айылы, Баткен облусу.

Структурасы түзөтүү

Милициянын атайын бөлүмдөрү бар, мисалы, кылмыш издөө, экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү, тергөө, коомдук тартипти сактоо, мамлекеттик автомобиль инспекциясы (МАИ) жана башка. Милициянын райондук, шаардык бөлүмдөрүнүн алдында жашы жетпегендердин иштери боюнча инспекциялар иштейт, алар жаш балдардын кылмышка барбоосу үчүн тарбиялык иштерди жүргүзүшөт.

Милдеттери түзөтүү

Милиция кызматкерлеринин милдеттери көп. Алардын башкы милдеттери — коомдук тартипти сактоо, мыйзамдын ар кандай бузулушуна жол бербөө, анын талаптарын так аткаруу. Ар бир адам бирөөдөн запкы көрсө же мүлкүн уурдатса милиция органдарына кайрылышат. Алар кайрылуу боюнча токтоосуз иш жүргүзүшүп, эгер кыл-мышты жасаган адам белгилүү болсо тийиштүүлүгүнө жараша чара көрүүгө же адам белгилүү болбосо издөө салууга милдеттүү. Милиция кызматкерлери тартип бузуучуга карата талаптарды так, катуу, кыска жана ачык коюшу керек, анткени бул мыйзамдуулуктун бекем шарты, кыянат-тыкка жана ээн баштыкка карата ишенимдүү тоскоолдук болот.

Дагы караңыз түзөтүү

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • ISBN 5-7499-0134-3 Эсенканов К., Идинов А. Мамлекет жана укук негиздери. Бишкек, "Шам", 1999. 39-40 бб.
  1. https://kg.akipress.org/news:1840994