Азем буюмдарын кооздоонун бир ыкмасы. Ал «күмүшкө мина төгүү» деп да аталат. Мында күмүш бетине түшкөн чийимге минаны мыскылдап салып, отко коет. Мина мөлт этет да, чийимдин ичинен жатак алат. Аны кургак чүпүрөк же кийиз менен сүртсө, көркөм оюм жаркырай түшөт. Минтип күмүш буюмдарды кооздоо эски зергерлердин салты болгон.

Мина боегу түрдүү түстө болот. Бул бөтөлкө сымал да көрүнөт. «Кызыл мина», «сары мина», «көк мина», «жашыл мина» — деп айтылат.

Мина төгүү — «сыялоонун» бир түрү. Муну биз зер буюмдарына пайдаланарда аны абдан гүл майдалап, же сууга чылап, кадимки сыядай кылып алат. Демек, күмүш бетине түшкөн оюм-чийимди минтип, «сыялоону» «мина төгүү» же «мина коюу» деп да аташат. Муну менен ат жабдыктарын, азем буюмдарын кооздоого көбүрөөк көңүл бурулган.

Маалыматтын булагы түзөтүү

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)