Мис ван дер Роэ, Людвиг (1886, Ахен, ФРГ – 1969, АКШ, Чикаго) – немец архитектору. 1938-жылдан АКШда иштеген. 20-жылдардагы функционализмдин ири өкүлдөрүнөн. 1905-жылдан Берлинде архитектор Б. Пауль (1907-жылга чейин) менен П. Беренстин (1908–12) өнөрканасында иштеген. 1930–33-ж. Дессаудагы “Баухауздун”, 1938–58-ж. Иллинойс технологиялык институтунун (Чикаго) архитектура факультетинин директору болгон. 1910-жылдары неоклассицизм стилинде бир нече үй куруп, көп кабат үйлөрдүн эксперимент долбоорлорунун серияларын жараткан. 1926-ж. Берлинде экспрессионизм духунда К. Либкнехттин, Р. Люксембургдун эстеликтерин тургузган. Ал – Иллинойс технологиялык институтунун архитектура комплексинин (1942–58), Фокс-Риверде Франсуорт үйүнүн (1946–50), Чикагодогу Лейк Шор Драйв (1950–51) жана Коммонуэлс Променад (1957) көчөлөрүндөгү турак үйлөрдүн, Нью-Йорктогу Сигрем-билдинг конторасынын (1958), Батыш Берлиндеги Улуттук көркөм сүрөт галереясынын имаратынын жана башкалардын автору. М. в. д. Р. эстетикалык көз карашын неотомизм философиялык агымы менен байланыштырган. 1950–60-жылдары Батыш Европа жана АКШ архитектурасына чоң таасир тийгизген.

Ludwig Mies van der Rohe (1934)

Колдонулган адабияттар түзөтүү