Майкл Ли Эдей (англ. Michael Lee Aday, туулган аты Марвин Ли Эдей (англ. Marvin Lee Aday); 1947-жылы 27-сентябрь) – Мит Лоуф сахналык аты менен кеңири таанымал болгон америкалык музыкант, ырчы, ыр жазуучу, үндү жаздыруучу продюсер, актер. Лоуфтун "Тозоктон чыккан жарганат" (англ. Bat Out of Hell), "Тозоктон чыккан жарганат II: Тозокко кайтуу" (англ. Bat Out of Hell II: Back into Hell) жана "Тозоктон чыккан жарганат III: Монстр боштондукта" (англ. Bat Out of Hell III: The Monster Is Loose) "Тозоктон чыккан жарганат" үчилтигинин дүйнө жүзү боюнча 50 миллиондон ашык жаздыруулары сатылган. Альбомдун чыкканынан дээрлик 40 жыл өткөн соң, азыркыга чейин жылдык сатышы 200000 копияга жакын жана тогуз жылдан ашык чарттардын тизмесинен чыкпай тарыхтагы эң көп сатылган альбомдордун бири болгон. Лоуф өзүнүн күчтүү опера үнү жана жандуу сахналык аткаруулары менен белгилүү.

"Тозоктон чыккан жарганат" менен "Тозоктон чыккан жарганат II: Тозокко кайтуу" альбомдору менен ийгиликке жеткип жана "I'd Do Anything for Love" (кырг. Сүйүү үчүн эмне гана кылбайм) ыры үчүн "Грэмми" сыйлыктын "Эң мыкты соло рок аткаруу" номинациясына татыган соң Лоуф АКШда туруктуу чыгармачылык ишин жүргүзүү менен бир канча баштапкы кыйынчылыктарга дуушар болгон. Кандай болбосун Лоуф Европада жана өзгөчө Британияда өзүнүн макамын жана популярдуулугун кармаган, себеби ал 1994-жылы Британияда 1997-жылы ""Спайс Гёрлз" тобунун дүйнөсү" (англ. Spice World) тасмада пайда болуп жана Британия чарттарында бир канча апта бою 23-орунда жайгашкан ыры үчүн (2006-жылдын маалыматтары боюнча) "Брит" сыйлыгынын "Эң көп сатылган альбом жана сингл" номинациясына татыган. Лоуф VH1 телеканалдын "Хард-рок музыканын 100 эң мыкты артисти" тизмесинде 96-орунда жайгашкан.

Лоуф баардык замандагы эң көп сатууларга ээ болгон артист, ал дүйнө жүзү боюнча 80 миллиондон ашык үн жаздырууларын саткан. Ошондой эле ал элүүдөн ашык тасма жана телеберүүлөрдө өзүн же өзүнө окшош каармандарды аткарып тартылган. Лоуф аткарган эң белгилүү ролдору: Эдди – "Рокки Хоррордун коркунучтуу шоусу" (англ. The Rocky Horror Picture Show, 1975), Роберт "Боб" Полсон – "Мушташ клубу" (англ. Fight Club, 1999) жана "The Lizard" (кырг. Кескелдирик) – "51чи жобо" (англ. The 51st State, 2002). Лоуф ошоной эле бир канча телесериалдарда тартылган, алар: "Монк" (англ. Monk), "Хор" (англ. Glee), "Түштүк паркы" (англ. South Park), "Хаус" (англ. House, M.D.) жана "Склептен чыккан аңгемелер" (англ. Tales from the Crypt (чакырылган актер).

Өмүр таржымалы түзөтүү

Жеке жашоосу түзөтүү

Тартылган тасмалары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү