Михаил Александрович Бакунин (1814–76) – орус революционери, анархизмдин жана народниктердин идеологу.

Михаил Бакунин
Bakuninfull.jpg
Михаил Бакунин
Толук аты-жөнү Михаил Александрович Бакунин
Төрөлгөн 30.5.1814 (18)
Прямухино айылы, Новоторжокдук уезд, Тверская губерниясы, Орусия империясы
Көз жумган 01.7.1876 (19.6)
Берн, Швейцария
Доор 1840—1876
Олуттуу идеялары Анархизм, Панславизм

Ал 1836–40-жылы Москвада жашаган. Фихтенин, айрыкча Гегелдин философиясын окуп үйрөнүп, консервативдик рухта талкуулаган. Орусияда биринчилерден болуп, «Логиканын илими» жана «Рухтун феноменологиясына» таянып, философия илиминин максаттарын чечүүгө аракет жасаган. 1840-ж. эмиграцияда жүрүп младогегельянчыларга кошулган. Фейербахтын философиялык көз-караштарынын таасири астында жүргөн.

Бакуниндин оюу боюнча:

  • тарых – бул адам баласынын «жаныбарлар дүйнөсүнөн» «көз карандысыздыкка» карай басып өткөн жолу;
  • дин – бул коомдун аң-сезиминдеги жаңылышуу.

Бакунин Прагада, Дрезденде 1848–49-ж. болгон революцияларга катышкан.

Маркс, Энгельс, Ленин Бакуниндин анархисттик идеяларын сынга алышкан.

Колдонулган адабияттарОңдоо