Модалдуу логика - модалдуулукту үйрөнүүгө багытталган логика бө­лүгү.

Модалдуулук логикалык операциялар менен катар айтылган сөздөргө жанa андай эсептөөлөрдү салыштырып изилдөөгө карата колдонулат. «Модалдуу операторлор» («мүмкүн», «за­рыл» ж. б.) предикаттарга, о. эле тигил же бул кыймыл-аракетти билдирген сөздөргө таандык.

Модалдуу логика маселесине кызыгуу бир жактан «зарыл» тибиндеги модалдуулуктар менен «ло­гикалык закон» деген түшүнүктүн, экинчи жактан «мүмкүн» тибиндеги модалдуулуктар менен «аткарарлык», «эсептелерлик» ж. б. гносеологиялык тушунуктордун ортосунда болгон байланыш менен шартталган.

Модалдуу логика системасы «чын», «калп», «мүмкүн» деген көп маанилүү логиканын терминдери менен түшүндүрүлүшү мумкун. Бул абал анын мүмкүндүк логикасы менен байланышы бар экенин билдирет.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.