Молдобаев Тургуналы

Молдобаев, Тургуналы‎»‎ барагынан багытталды)

Молдобаев Тургуналы - акын.
Тургуналы Молдобаев Аксы районунда 1934-жылы туулган.
Аксы районунда 1934-жылы туулган. 1952-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетине кирип, аны 1957-жылы бүтүп чыгат. 1957–1967-жж. Жалал-Абад облустук «Коммунизм туусу» гезитинин, «Кыргызстан пионери» гезитинин редакцияларында, Кыргыз телекөрсөтүүсүндө, 1967–1981-жж. «Кыргызстан маданияты» гезитинде адабият бөлүмүнүн башчысы, 1992–1993-жж. «Мурас», «Эл дүйнөсү» журналдарында бөлүм башчы, редактордун орун басары болуп иште-ген. Т.Молдобаевдин чыгармачылыгы орто мектепте окуп жүргөндө башталып oшондон тарта ырлары республикалык газета-журналдарда басыла баштайт. «Жайлоо» аттуу туңгуч китеби 1962-жылы жарык көргөн. Ал казак, өзбек, каракалпак, башкыр, якут акындарынын ырларын жана СССР элдеринин макал-лакаптарын кыргыз тилине которгон.
Т.Молдобаев 1966-жылдан СССР Жазуучулар союзунун, 1959-жылдан СССР Журналистер союзунун мүчөсү. 1995-жылы «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» деген наам алган.

Жарык көргөн китептери түзөтүү

Кыргыз тилинде түзөтүү

  • Жайлоо. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1962. – 60 б.
  • Жүрөгүмдө Ала-Тоо. – Ф.: Кыргызстан, 1965. – 120 б.
  • Космостогу чыйырлар. – Ф.: Мектеп, 1966. – 94 б.
  • Куттуу мекен. – Ф.: Мектеп, 1970. – 80 б.
  • Туулган жерди сагынуу. – Ф.: Мектеп, 1973. – 84 б.
  • Замандашым сырдашым: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1978. – 76 б.
  • Күнстан: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1982. – 104 б.
  • Ой кербени: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан. 1984. – 243 б.
  • Калайыкка ылайык: Тандалган чыгармалар. – Б., 1999. – 526 б.
  • Эл аман: Ырлар – Ф.: Кыргызстан, 1988. – 119 б.
  • Өлбөстүн үрөнү: Ырлар жыйнагы. – Ч.Ж.Ж., 1997. – 44 б.
  • Калайыкка ылайык. Б., 2001. – 100 б.
  • Ырдүйнө. Б., 2004. – 116 б.
  • Ойкана. Б., 2006. – 132 б.

Орус тилинде түзөтүү

  • Первопуток: Стихи. – Ф.: Кыргызстан, 1974. – 73 с.
  • Доброта: Стихи. – Ф.: Мектеп, 1980. – 68 с.

Котормолору түзөтүү

  • Камбарова Н. Чабалекей. Аңгемелер жана повесттер. – Ф.: Мектеп, 1976. – 72 б.
  • Суктануу: Боордош элдердин акындары Кыргызстан жөнүндө. – Ф.: Кыргызстан, 1981.
  • Сөз берметтери: Дүйнө элдеринин макал-лакаптары. – Ф.: Кыргызстан, 1983.
  • Кенч: (СССР элдеринин макалдары жана лакаптары). – Ф.: Мектеп, 1987. – 136 б.
  • Церетели А. Жарганат: Жомоктор. – Ф.: Мектеп, 1987. – 20 б.
  • Кенч. Орто-Азия элдеринин накылдары. – Ф.: Мектеп, 1989.
  • Жусуп Баласагын. Накыл сөздөр. – Ф.: Жаштар басмасы, 1999. – 64 б.
  • Ырыс алды ынтымак. Кыргызстан элдеринин накыл сөздөрү. – Б., 1999. – 48 б.
  • Акыл берметтери. Түрк элдеринин накыл сөздөрү. – Б., 1998. – 52 б.
  • Накыл кенчи. Дүйнө элдеринин накыл сөздөрү. – Б., 1999.
  • Накыл китеп. Он китептен тандалма. – Б., 2000. – 80 б.

Колдонулган адабияттар түзөтүү