Молибден кенташы – курамында молибден металлы бар минералдардын табигый чогундусу. Негизги минералдары – молибденит [MoS2 (Mo–60%)], повеллит [CaMoO4 (Mo–45%)]. Кенташта кошумча компонент түрүндө жез, вольфрам, күмүш, бериллий, калай жана башка минералдар жолугат. Молибден кенташы интрузия тоо тектери менен тыгыз байланыштуу. Жез-молибдендүү кенташтар – монцониттер, гранит-диориттер, гранит-сиениттер менен, бир эле металлдан тургандары – биотит-роговой обманкалуу граниттер менен, вольфрам-молибдендүүсү гранит менен байланышкан. Экзогендик шартта пайда болгон Молибден кенташ таш көмүр, көмүрлүү чопо, кремнийлүү сланецтер жана катуу нефть битумдарында жолугат. Бирок, молибден өтө аз санда болгондуктан, мындай кендер азырынча казылбайт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү