Мому тооАкадемик Адышев кырка тоосунун түн.-чыгыш тармагы.

Тоңзоо ж-а Акбогуз сууларынын (Тардын сол куймалары) аралыгында кеңдик багытында 20–23 кмге созулат. Туурасы 5–6 км. Орт. Бийикт. 3000–3300 м, эң бийик жери 3765 м. Тоонун кыры аска-зоокалуу, капталдары кыска ж-а тик, капчыгайлуу. Тоо чыгышка карай кууштап, кокту-колоттор көп кездешет. Карбондун кумдук, сланец, гравелит, акиташ тектеринен түзүлгөн. Негизинен шалбаалуу талаа м-н аралашкан сейрек арча токою (2600–2700 м бийиктикке чейин) альп, субальп шалбаасы ж-а шалбаалуу талаа ландшафт алкактары басымдуу. Жайкы жайыт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2