Монетаризм – мамлекеттик чарбалык башкаруудагы практикалык концепция жана экономикалык теория. 1970-жылдардын ортосунда кулач жайган. Анда жүгүртүүдөгү акча санына жана акча-товар массасынын байланышына негизги маани берилет. Монетаризмдин пайда болушуна инфляциянын дээрлик дүйнө жүзү боюнча күч алышы себеп болгон. Негиздөөчүсү америкалык экономист М. Фридмен. Монетаризм алгач акча жүгүртүү теориясы катары каралса, кийинчерээк монетаризм Фридмен акчанын макроэкономикага таасир берүү механизмдерин иштеп чыккандан кийин, экономикалыксаясаттын өзөгү болгон. Монетаризмдин жактоочулары экономикага таасир этүүнүн негизги ыкмасы катары эмиссияны жөнгө салууну, улуттук акча бирдигинин валюта курсун, кредит процентин, салык ченин, бажы тарифин эсептешет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү