Моногамия
Моногамия, бир никелүүлүк (моно... жана ...гамия) – үй-бүлөнүн жана никенин тарыхый формасы; бир эркек менен бир аялдын туруктуу никеси. Алгачкы коомдук түзүлүштүн ыдыроо кезинде жуп нике негизинде пайда болуп, кийин никенин туруктуу формасына айланган, к. Нике, Үй-бүлө.
Колдонулган адабияттар түзөтүү
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7