Моноплан (моно... жанa лат. planum — жалпак тегиздик) — бир канаттуу самолёт.

Моноплан 20-к-дын башында жал­пак канаттуу деп аталган, анткени анын канаты жука жанa жалпак болгон. Моноплан канатынын фюзеляжга (корпуска) жайгаштырылышына жараша бийик, орто жанa жапыс канаттуу; канатынын фюзеляжга бекитилишине жараша таянычсыз жанa таянычтуу канаттуу болуп айырмаланат. Канаттары таянычсыз бекитилген самолёттор азыркы кезде кеңири колдонулууда.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.