Мон-кхмер тилдериИнди-кытай жарым аралына, Түштүк Кытайга, Түндүк-Чыгыш Индияга жана Никобар аралына таралган тектеш тилдер. Мон-кхмер тилдери чыгыш (кхмер тилиКамбоджанын мамлекеттик тили, мон, поар, тьонг, стиенг, мнонг, срэ жана башка тилдер), түндүк-чыгыш (палаунг, ва, кава, лава, рианг жана башкалар), түндүк-батыш (кхаси тили), түштүк-батыш (көп диалектилүү никобар тили) деп 4 бутакка ажырайт. Австроазия тил уясына кирет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү