Мотель (англис тилинде motor – автомобиль жана hotel – мейманкана) – автотуристтер үчүн техникалык тейлөө, май куюу жайы, гараж, автомобиль токтоочу жайы бар мейманкана; эшиги көчө тарапка караган (автомобиль токтоочу жайга каратылат) чакан мейманкана. Мотельдер негизинен 1 же 2 кабаттуу, айрым учурда түрдүү тейлөөнү камтыйт (ресторан, автомобиль аянтчасы, техникалыктейлөө, май куюу станциялары жана башкалар) комплекстерди түзөт. Мотельдер чоң шаарлар менен курортторго жакын, автомобиль жолдорунун боюнда жайгашат. Тейлөө кызматтынын наркы минималдуу, арзан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү