Муз-төр

Музтөр, суу‎»‎ барагынан багытталды)

Муз-төрАт-Башы районундагы суу. Узундугу 46 км, алабынын аянты 153 км2. Торугарт кырка тоосунун түндүккапталындагы мөңгүлөрдөн башталып, тар төр менен агат; ортонку жана төмөнкү бөлүгүнүн нугу кенен тартып, Жаманты суусуна куят. Жылдык орточо чыгымы 0,2–0,6 м3/сек. Эң көп чыгымы июль–августта, азы ноябрь–декабрда байкалат. Апрель–сентябрда кирип, октябрь–мартта тартылат. Негизинен мөңгү, кар жана булак сууларынан куралат.

Муз-төр
Мүнөздөмө
Узундугу 46 км
бассейндин аянты 153 км²
Жайгашкан орду
Өлкө  Кыргызстан
Област Нарын облусу
Район Ат-Башы району

Дагы караңыз түзөтүү

Колдонулган адабияттар түзөтүү