Мультипликатор ( лат. multiplico – көбөйтөм, чоңойтом), көбөйткүч – 1) машина валынын (огунун) айлануу жыштыгын көбөйтүүчү түзүлүш (мисалы, ылдамдатуучу тиштүү кыймыл бергич); 2) суюктуктун басымын жогорулатуучу түзүлүш (мисалы, насосто жана башкалар. гидравликалык машина жана шайманда); 3) фотоаппараттын бир пластинкада (плёнкада) бир нече негатив алууга мүмкүндүк берүүчү жардамчы куралы; 4) түстүү басманын үлгүсүн бир мезгилде алуучу прибор; 5) инвестициялардын көбөйүшү (азайышы) менен киреше чоңдугунун өзгөрүшүн чагылдырган коэфф.; кирешенин өзгөрүшүнүн инвестициялардын өзгөрүшүнө көз карандылыгын туюнткан экономикалыккөрсөткүч. Мисалы, инвестициялардын өсүшү 5 млрд сомду түзүп, кирешенин өсүшү 15 млрд сомго жетсе, анда мультипликатор 3кө барабар болот. Өндүрүштө инвестициялар кандайдыр бир суммага өсүшү, жумушчулардын кирешесин ошол суммага чейин өстүрөт. Ал өз кезегинде керектелүүчү заттарга талапты өстүрөт да, ошол чөйрөдөгү ишкерлердин кирешесинин көбөйүшүнө шарт түзөт. Бул процесс ар бир жаңы чыгымдардын айланпасынан уланып турат. Мультипликация идеясын алгач 1931-жылы англис тилинде экономист Р. Кан киргизгенетикалыкАйрыкча экономикалыкбагытта Кейнстин мультипликатору кеңири мааниге ээ. Ал боюнча мультипликатор инвестицияларды көбөйтүүдө улуттук кирешенин канча эсеге өсүшүн көрсөткөн коэффициенти болот. Ошондой эле банк (коммерциялык банктардын депозиттик эсептеги акчалардын банк арасында акчанын жүгүртүлүшүнүн эсебинен көбөйүү процессин негиздейт) мультипликатору да бар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү