1920 - жылы 9 - январда Куланак айылында төрөлгөн. Куланак айылында мектепти бүтүргөндөн кийин, Кочкор айылында тех.училищанын 6 айлыгын бүтүрүп,колхоздо механизатор болуп иштеген. 1939 - 1940 - жылдар Советтик армиянын катарына чакырылган. Ростов шаарынын айланасында аскердик кызматын аткарып жүргөн. 1941 - жылы согуш башталганда 1 дивизияны бүт бойдон темир жолду бойлоп ыраакы чыгышка качуу жөнүндө буйрук алышат. Ыраакы чыгышта тактап айтканда,1941 - 1945 - жылга чейин өз кызматын аткарат. 1945 - жылы Совет мамлекети Япон өлкөсүнө согуш жарыялайт. Германия жана Япония согушунун катышуучусу. 1947 - жылдарда Кытайдагы орус порту Порт - Артурдан кайра тартышат. 1948- 1949 - жылдары Куланак колхозунда эмгектенет. 1950 - жылдарда Ошоблусундагы Кызыл - Кыя шаарындагы Горно - геологиялык техникумуна жиберишет. 1953 - 1954 - жылдарда техникумду бүтүргөндөн кийин Кызыл - Кыядагы рудний шахтада мастер болуп иштегенден кийин Жумгал районундагы Миң - Куш рудниги ачылганда Миң - Кушка которулуп келет. Миң - Куштан персоналдык пенсияга чыгат. Куланак айылына 1970 - жылдары көчүп келет. Куланак колхозунда кароолчу жана уй сарайда фуражор болуп иштеп жүрдү. 2 кыз, 3 эркек баланын атасы. 1999 - жылы 21 - февралда каза болду.