Муратбек Рыскулов- СССР эл артисти,Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты.

Өмүрү түзөтүү

Ал 1909-жылы 23-ноябрда Жумгал районундагы Кайырма кыштагында туулуп,1974-жылы 1-февралда дүйнөдөн кайткан.

Ишмердүүлүгү түзөтүү

Театр түзөтүү

Актердун чыгармачылыгынын алгачкы мезгилдеринде эле анын театр искусствосуна болгон жөндөмдүүлүгү даана көрүнө баштайт.Бара-бара ал кайсы гана ролдо болбосун табигый таланты менен бирге сахналык маданиятты өөрчүтүп,чеберчилигин арттырууга жетишкен.Ошондой эле бир катар монументтүү драмалык (У.Шекспирдин "Отеллосунан" Отеллонун,"Король Лиринен"король Лирдин,М.Горькийдин "Егор Булычев жана башкаларындагы"Егор Булычевдин, Б.Жакиевдин"Атанын тагдырынан"Акылбектин)образдарын түзгөн. Лондондо өткөрүлгөн У.Шекспирдин 400 жылдык юбилейинде Муратбек Рыскулов Король Лирдин монологу менен чет мамлекеттик көрүүчүлөрдү таң калтырган.Таланттуу актер тарабынан түзүлгөн Лирдин образы психологиялык чындыгы жагынан татыктуу орунду ээлеген.

Кино түзөтүү

Муратбек Рыскуловду дүйнө жүзүнө тааныткан жеке гана драматургия эмес кино экраны да болду. Республикада көркөм фильмдердин студиясы пайда боло электен алда канча мурда эле ал кыргыз актерлорунан биринчи болуп киного катышып, 1950-жылы "Алитет тоо таянды" кинофильминде Ашыктын образын ачык гротекс планда атайын апыртып берсе,"Алыскы тоолордогу" мыкаачы зулум Сарыгул байды омоктуу көргөзүп,"Тянь-Шань кызындагы" Ашырбай абышка үчүн илбериңки психологиялык белгилерди таба алган.Кыргыз мүнөзүнүн эң сонун касиеттери "Бакайдын жайыты" фильминдеги Бакайдын турпатынан көрүнөт.

Тартылган тасмалары түзөтүү

  1. Бакайдын жайыты
  2. Ак-мөөр
  3. Тайгак кечүү (кино)
  4. Караш-караш баяны

Сыйлык наамдары түзөтүү

1967-жылы Муратбек Рыскуловго "Король Лир"спектаклинде Лирдин жана "Атанын тагдыры" спектаклинде Акылбектин ролдорун аткарууда жогорку чыгармачылык чеберчиликке жетишкендиги үчүн Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты деген наам берилген.Таланттуу актердун чыгармачыл эмгегин жогору баалап,өкмөт Муратбек Рыскуловду Ленин ордени,башка эки орден жана медалдар менен сыйлаган. Муратбек Рыскулов тууралуу "Муке" аттуу фильм тартылган.Ысмы Бишкек шаарындагы көчөгө жана Нарын областтык музыкалуу драма театрына берилге