Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши мыйзам чыгаруу бийлигинин органы болгонуна байланыштуу орчундуу милдети мыйзам чыгаруу болуп саналат. Бул функцияны негизинен Мыйзам чыгаруу жыйыны аткарат. Жогоруда айтылган эки палата биргелешип кабыл ала турган мыйзамдардан башка мыйзамдардын бардыгы ушул палата тарабынан кабыл алынат. Мыйзам чыгаруу жыйынында ар бир керектүү тармактар боюнча комитеттер, комиссиялар түзүлөт. Иштелип чыккан же келиптүшкөн мыйзам долбоорлору оболу ушул комитеттерде, комиссияларда талкууланып чыгат да, андан соң мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттарынын кароосуна коюлат. Мыйзам депутаттардын бардык санынын көпчүлүк добушун алса, кабыл алынды деп эсептелет.Кабыл алына турган мыйзамдардын долбоорлорун кимдер жана кайсы органдар киргизе алаарын, б. а. мыйзам чыгаруу демилгеси кимдерге таандыктыгын билүү максатка ылайык. Мындай демилге Кыргыз Республикасынын гражданы болуп эсептелген, 30 миң шайлоочуга, Кыргыз Республикасынын Президентине, эки палатанын депутаттарына, Өкмөткө жана өзүнүн карамагына таандык маселелер боюнча Жогорку Сотко жана Жогорку Арбитраждык сотко таандык.Мыйзамдар кабыл алынгандан кийин Жогорку Кеңештин тиешелүү палатасы тарабынан кол коюу үчүн беш жумушчу күндүн ичинде Президентке жиберилиши керек. Президент он беш күндөн кечиктирбей ага кол коюшу керек же болбосо өзүнүн каршы пикирлери менен кайрадан Жогорку Кеңештин тиешелүү пала-тасына кайтарып берет. Ошол каршы пикир боюнча мыйзам кайрадан каралганда депутаттардын кеминде үчтөн экисинен ашыгы мурдагы өзүлөрү кабыл алган мыйзамдын жобосун жактаса, анда Президент ал мыйзамга колун коюп бекитиши талап кылынат, эгер анча добуш алынбаса Президенттин каршы пикири кабыл алынган болуп эсептелет. Мыйзам, эгерде анын өзүндө убагы көрсөтүлбөсө, жарыяланган учурдан баштап он күндөн кийин күчүнө кирет.Кыргыз Республикасынын Конституциясына ыла-йык Жогорку Кеңештин палаталары өздөрүнүн мыйзам чыгаруу боюнча бийлик-укуктарын Кыргыз Респуб-ликасынын Президентине бир жылдан ашпаган мөө-нөткө ыйгарып бере алат. Мыйзам чыгаруу боюнча бийлик укуктар, мындан тышкары, Президентке Жогорку Кеңештин палаталары таркатылган учурда да өтөт. Президент мыйзам чыгаруу укугун мыйзам күчүнө ээ болгон указдарын чыгаруу жолу менен жүзөгө ашырат.

Колдонулган адабият түзөтүү

  • ISBN 5-7499-0134-3 Эсенканов К., Идинов А. Мамлекет жана укук негиздери. Бишкек, "Шам", 1999. 39-40 бб.