НААМЕ - (араб с., кат, түпкү мааниси “арноо каты” дегенге жакын ) - эпистолярдык форманын бир түрү, бирөөгө жөнөтүү үчүн атайы арналып жазылат. Бул форма көбүнчө тажик- фарсы, өзбек жана башка түрк элдерине тиешелүү. Дүйнөлүк адабий прогресске өз салымдарын кошкон Хорезми, Амири, Фирдоуси, Бабурдун чыгармалары нааме формасында жазылган. Нааме бүтүн чыгарма болушу да мүмкүн, бир чыгарманын үзүндүсү болушу да мүмкүн.

Ж.Шериев,А.Муратов."Адабият терминдеринин түшүндүрмө сөздүгү" түзөтүү