Найман (Ноокат району)

Найман, Ноокат району‎»‎ барагынан багытталды)

Найман, Ноокат району - Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат районундагы кыштак (1962-жылдан 2012-жылга чейин шаарча статусунда болгон). Найман айыл аймагына караштуу. Деңиз деңгээлинен 1200 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Ноокат шаарынан 30 км батыш тарапта. Кызыл-Кыя темир жол бекетинен 30 км. 1965-жылы негизделген. Өнөр жай ишканаларынан «Найман» галош заводу, «Толкун» АК жана «Улуу-Тоо» ЖЧК иштейт. Эки орто мектеп, китепканалар, 3 бала бакча, 2 медпункт, амбулатория, даарыкана бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода жана тамактануу жайлары, базарчалар иштейт.

Отурукташкан жай
Найман
Район Кыргызстан
Координаттар 40°19′17″ с. ш. 72°20′36″ в. д.HGЯO
Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү 1965
Борборунун бийиктиги 1200 м
Убакыт аралыгы UTC+6
Калкы
Калкы 1 754 [1] адам (2009)
Сандык идентификаторлор
Найман (Ноокат району) (Кыргызстан)

Калкы түзөтүү

Калкы - 1 754 киши[1]; негизинен кыргыздар (81,8%), о. эле орус, өзбек жана башка улут өкүлдөрү да жашайт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  1. 1.0 1.1 2009 Population and Housing Census (орус.). The National Statistical Committee of the Kyrgyz Republic (2010). Текшерилген күнү 12 -ноябрь (жетинин айы) 2013. Түп булактан архивделген күнү 10 -август (баш оона) 2011.