Намсараев, Хоца Намсараевич

Намсараев, Хоца Намсараевич [27. 4(9. 5). 1889, Кижинча конушу, азыркы Бурят АССРи, Хорин аймагы — 28. 7. 1959, Улан-Удэ] — бурят совет жазуучусу. Бурят совет администрациясын негиздегендерден. 1925-жылдан КПСС мүчөсү.

Жакыр малчынын үй-бүлөсүнөн. Чыгармалары 1919-жылдан жарыялана баштаган. «Караңгылык» (1919), «Оракул Дамбш) (1920), «Караңгы турмуш» (1921), «Тайшинпн камчысы» (1945) пьесаларынын, көп ыр-поэмалардын, «Таң шооласында» (1950) романынын, «Түндөрдүн биринде» (1938), «Жеңиш нуру>> (1942) повесттеринин автору.

Анын чыгармаларында фольклордун таасири бир далай күчтүү. СССР Жог. Советинин (2—5-шайл.) депутаты. Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу ордени жанa медалдар менен сыйланган.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.