Нарынбаев, Азиз Исажанович

Нарынбаев Азиз Исажанович (орусча Исаджанович; 1924-ж. чын куран (апрел) айынын 24үндө Каракол ш. т. - 2015-жылдын жетинин айынын (ноябрынын) 19у, Бишкек ш. ө.) — философ; философия илимдеринин доктору (1970), Кыргызстан УИАнын корреспондент мүчөсү (1989), Кыргыз Республикасынын илимге эмгек сиңирген ишмери (1994). Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. Теги - уйгур.

Профессор Азиз Исажанович Нарынбаев.

Өмүр таржымакалы түзөтүү

Азиз Исажан уулу Нарынбаев 1924-жылы 24-апрелде Кыргызстанда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында жарык дүйнөгө келген.

1942-жылдын август айында Советтик Армиянын катарына өз ыктыяры менен кетип, 1941-1945-жылкы Ата Мекендик согушка катышкан.

1950-1952-жылдары Москвадагы М.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин аспирантурасында окуган.

Ошол эле жерде (ММУда) "Совет мамлекетинин социталисттик улуттарды калыптандыруудагы жана өнүктүрүүдөгү ролу" («Роль советского государства в формировании и развитии социалистических наций») деген темада кандидаттык ишин жактаган.

1952—57-ж. В. В. Маяковский атындагы Кыргыз мамлекеттик кыз-келиндер педагогикалык институтунун марксизм-ленинизм кафедрасында улуу окутуучу, кафедра башчысы.

1957—59-ж. Кыргыз мамлекеттик сырттан окуу педагогикалык институтунун ректору.

1959—68-ж. Кыргыз мамлекеттик кыз-келиндер педагогикалык институтунун философия жана саясий экономия кафедрасынын башчысы болгон.

1968-жылдан Кыргызстан УИАнын Философия жана укук институтунда тарыхый материализм секторунун, 1975-жылдан философия тарыхы секторунун, 1977-жылдан философия кафедрасынын башчысы.

2015-жылдын жетинин айынын (ноябрынын) 19унда Бишкек шаарында дүйнөдөн кайтты.

Илимий жана педагогдук чыгармачылыгы түзөтүү

Heгизги илимий эмгектери улут маселесине арналган. А.Нарынбаев 300дөн ашык илимий эмгектин (анын ичинде 20 монографиянын) автору.

Нарынбаев Азиз Исажанович илимий эмгектерди жазууда гана айырмаланбастан педагогикалык ишмердикти 60 жылдан ашык аркалаган алдыңкы педагог эле. Бир нече илимпоздорду тарбиялап, окумуштуулук даражага жеткирген. Академик Нарынбаевдин эмгектери КМШда, Кытай мамлекетинде кеңири таанымал болуп, кыргыз, уйгур, кытай жана англис тилдерине которулган жана беделдүү кесиптештери тарабынан жогору бааланган.

А.Нарынбаевдин ишмердиги негизинен эки багытка: Борбор Азия республикаларындагы улуттун калыптануусуна улут аралык мамилелердин өнүгүүсүнө жана кыргыздар менен уйгурлардын коомдук-философиялык ой берметтерине арналган.

Анын Жусуп Баласагынды уйгурлардын гана ойчулу катары көрсөтүү аракети бир катар түркологдор тарабынан сынга алынып жана четке кагылып, он биринчи кылымдын башында (1015-16-жж.) Баласагын шаарында (азыркы Кыргызстандын Токмок шаарынын түштүк-батышындагы Бурана шаар чалдыбарынын ордунда) туулган бул даанышман жалпы түрк калктарын үчүн орток баба экендиги, анын ичинде кыргыздардын да бабасы экендиги тастыкталган.

Үй-бүлөсү түзөтүү

Жубайы - Рауфа Галим кызы Забирова. Ал орус тили мугалими.

Бир уулу (Рустам) эки кызы (Хаззухан менен Зайтуна) бар.

Рустам - химик окумуштуу.

Кыздары - музыка өнөрпоздору. Зайтуна Нарынбаева Кыргыз улуттук консерваториясынын профессору.

Сыйлыктары. Наамдары түзөтүү

Кызыл Жылдыз ордени менен сыйланган.

1-даражадагы «Ата Мекендик согуштун катышуучусу», «Ардак белгиси» ордендери менен да сыйланган.

КР Жогорку Кеңештин Ардак грамотасынын, «Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги» төш белгисинин ээси.

1994-жылы «Кыргыз Республикасынын илимге эмгек сиңирген ишмери» наамын алган.

2002-жылы «КР УИАнын ардактуу академиги» наамын алган.

Эмгектеринин чакан тизмеси түзөтүү

  • Улуттардын жакындашынын кээ бир маселелери." — Фр.: 1965;
  • Ар улуттан турган үй-бүлө. — Фр.: 1969;
  • Совет коомунун социалдык структурасы. — Фр.: 1981.
  • «Некоторые вопросы сближения наций». - Фрунзе, 1965;
  • «Межнациональная семья». - Фрунзе, 1969;
  • «Социальная структура советского общества». - Фрунзе, 1981;
  • «Прогрессивная общественно-философская мысль уйгуров второй половины ХХв.». - Фрунзе, 1988;
  • «Махмуд Кашгари - классик средневековой общественной мысли».- Бишкек, 1993;
  • «Методические материалы в помощь аспирантам и соискателям, изучающим философию» (в соавт.). - Фрунзе, 1982;
  • «Методическое пособие и помощь аспирантам и соискателям, изучающим философию» (в соавт.).- Фрунзе, 1986;
  • «Из истории общественной мысли древних и средневековых уйгуров».- Бишкек, 1994 г;
  • «Уйгурские мыслители». - Бишкек, 1995 г.

Ал тууралуу адабият түзөтүү

  • Ысык-Көл облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү