Нарын участкалык солдат депуттарынын совети

Нарын участкалык солдат депуттарынын совети - Кыргызстандагы алгачкы Советтердин бири.

На­рын гарнизонунун солдаттары түзгөн. Түзүлгөн күнү белгисиз, бирок 1917-жылдын 12-июнуна чейин 34 отуруш (заседание) өткөргөн. Ташкен Советинин депутаттары менен байланышып, андан ошол советтин басма соз органы «Наша газетаны» алып тур­ган. Совет гарнизондо иш жүргүзүп, качкын кыргыздар үчүн тамак-аш пункттарын уюштурган. Бирок советке кирип алган реакциячыл офицерлер, эсер-меньшевпкчил элементтер анын ишине тоскоол кылып, ага келишкич мүнөз берген. Нарында Совет бийлиги жедгенде (1918, апр.) Совет келишкичтерден тазаланып, чыныгы революциячыл жолго түшкөн.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.