Настурция, капуцин (Tropaeolum) - өсүмдүктөрдүн настурциялар тукумунун уруусу; бир же көп жылдык, кээде оролуп өсүүчү чөп. Настурциянын сабагы ширелүү, бутактуу, башка нерсеге жармашып өсөт. Жалбырагынын көпчүлүгү калкан сымал тегерек, жазы. Жалбырак сабы узун. Гүлү чоң, жалгыздан жайгашат, кош жыныстуу, өңү сары, кызыл, саргыч кызыл; жыттуу. Мөмөсү бир уруктуу,үч бөлүктөн турат. Настурциянын 80дей түрү негизинен Түштүк жана Борбордук Америкада өсөт. КМШ өлкөлөрүндө эки түрү (чоң жана кичине настурция) кооздук үчүн өстүрүлөт. Перу, Боливия жана Чилиде өстүрүлүүчү көп түрүнүн түймөгү желет. Курт-кумурска аркылуу чандашат. Настурциянын чырмала өскөн түрү балкон, дубал жана башкаларды кооздоо үчүн өстүрүлөт. Бир жылдыгы - негизинен гибрид сорттору.

Колдонулган адабияттар түзөтүү