Натрий сульфиди, Na2S – түссүз кристалл, тыгызд. 1,85 г/см3, балкып эрүү t 180оС, пайда болуу жылуулугу DН0298 = -89,2 ккал/моль. Сууну тез тартып алат. Суудагы эригичтиги (%) 13,6 (20оС). Суудагы эритмесинде 480С төмөнкү температурада Na2S.9Н2О; 48-91,5оСде Na2S.6Н2О; андан жогорку температурада Na2S.5Н2О түрүндө болот. Сууда гидролизге дуушар болуп щелочтуу реакцияны берет. Н. с. 800-1000оС натрий сульфатын көмүртек менен калыбына келтирүүдөн алынат. О. эле сульфатты суутек, метан, көмүртек (II) оксиди менен калыбына келтирүүдөн да, щелочтуу эритмелери менен суутек сульфиди аракеттешүүсүнөн да алууга болот. Н. с. күкүрттүү боёкторду алууда, кездеме, тери иштетүүдө жана рудаларды флотация ыкмасы менен байытууда колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү